Бишкекте азыр батир сатып алуу арзанга түшөбү? Эксперт менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековНаталья Неговора Бишкектеги ири кыймылсыз агенттиктеринин бирин жетекчиси
Наталья Неговора Бишкектеги ири кыймылсыз агенттиктеринин бирин жетекчиси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда ипотекага альтернатива барбы? Турак жай издөөдө ишти эмнеден баштоо зарыл? Жарандар борбор калаанын кайсы райондорунда жашоону ылайык көрүшөт? Ушул жана башка суроолорго дасыккан риелтор жооп берди.

Наталья Неговора Бишкектеги ири кыймылсыз агенттиктеринин бирин жетектейт. Ал пандемия убагында батирлер арзандап-арзандабаганын, ушул тапта турак жай сатып алган оңбу же жокпу, түшүндүрүп берди.

— Кыймылсыз мүлктү тандоодо алгач эмнеге көңүл буруу керек? Жайгашкан жеринеби же турак жайдын абалынабы?

— Баары жеке талаптарыңызга жараша. Эгер кайда жашагыңыз келгенин так чечкен болсоңуз, анда батир тандоону белгилүү бир райондон баштоо дурус. Кайсы бир мектеп, бала бакча же медициналык мекемеге жакын алгысы келген сатып алуучулар адегенде районду тандайт. Калган учурларда эң биринчи турак жай абалына карап бааланат.

— Бишкектин кайсы райондорундагы үйлөрдү көп тандашат? Башка жактагыларга караганда бир типтеги батирлердин баасы канчалык жогору?

Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров - Sputnik Кыргызстан
Ипотека алгыңыз келбесе, Бишкектен кантип батир сатып алууга болот? Кеңеш
— Баш калаанын чордону дале престиждүү район болуп саналат. Андан кийинки орунда шаардын түштүк бөлүгү (Түштүк магистраль жана кичи райондор), чыгыш жагы (Чыгыш-5, Аламүдүн-1, Көк-Жар жана Тунгуч кичи райондору), алардан соң түндүк-батыш тарабы (Жибек Жолу менен Жаш Гвардия проспектилеринен ылдый карай) турат.

Турак жайдын наркында анчалык деле айырма жок. Бирок борбор менен калаанын түштүк бөлүгүндөгү бир типтеги үйлөрдү салыштырсак, анда башка жактарга караганда 1000-1500 долларга кымбатыраак.

— Баадагы айырмага эмне таасир этет?

— Кыймылсыз мүлк дайым суроо-талапты аныктайт. Борбордогу батирлер өнүккөн инфраструктурасына жана транспорттун жетиштүүлүгүнөн улам өтүмдүү келет. Ал эми алысыраак райондор сатып алуучуларды баасы менен тартат.

Мындан тышкары, учурда көпчүлүк борбордон батирлерди капиталдык салым же киреше булагы катары сатып алып коюшат. Анткени бул турак жайлар качандыр бир арзандаары арсар. Баш калаанын түштүк бөлүгүндөгү кыймылсыз мүлккө болгон суроо-талап баасынан жана тазараак экологиясынан улам өсүп кетти.

© Sputnik / Табылды КадырбековНаталья Неговора Бишкектеги ири кыймылсыз агенттиктеринин бирин жетекчиси
Бишкекте азыр батир сатып алуу арзанга түшөбү? Эксперт менен маек - Sputnik Кыргызстан
Наталья Неговора Бишкектеги ири кыймылсыз агенттиктеринин бирин жетекчиси

— Эгер батир сатып алууга туура келсе, өзүңүз кайсы жактан алмак элеңиз?

— Мен үчүн экология маанилүү, ошондуктан шаардын түштүк бөлүгү кынтыксыз вариант болмок. Бирок мага жаккан турак жайды сатып алууга акчадан улам али мүмкүн болбосо, анда ижаралап турмакмын.

Ипотека жана курулуштагы үлүштүк катышуу варианттарын карап чыкмакмын. Бирок адамдын ипотека алып жана андан кутулууга шарты туура келбесе, ижарага бүт маянасын сарптагандан көрө каалаган бир райондон батир сатып алган оң.

— 15-20 миң айлык менен жашаган орточо кыргызстандык жаран турак жай сатып алуу үчүн эмне кыла алат? Маселен, Россияда көпчүлүк азыр мындай кылып жатышат: ата-энеңдикинде жашап, ипотекага батир сатып аласың. Аны ижарага берип коесуң, ал ипотека чыгымдарын өзү жабат.

— Туура айтасыз. Бирок Россиядагы ипотекалык ченемдин пайызы биздегиге салыштырмалуу кыйла төмөн. Кыргызстандыктардын көпчүлүгүнө бул багытта өтө кыйын. Акча топтоого көп жыл кетет. Биздин өлкөдө мындай учурда улуулар жардамга келет.

Ипотекага курулуп жаткан үйдөн батир сатып алуу альтернатива боло алат. Айрым курулуш компаниялары азыр бөлүп төлөөнүн жакшы варианттарын сунуштоодо. Мисалы, каражаттын бир бөлүгүн авто түрүндө төлөөгө да мүмкүнчүлүк бар. Бирок тобокелдүү келет. Курулушчулардын баары эле абийирдүү боло бербейт, ошондуктан мындай чечим кабыл алардан мурун кыймылсыз мүлк боюнча адиске кайрылган оң.

— Көпчүлүк акча үнөмдөө үчүн адистердин көмөгүн көңүлдөн тыш калтырышат...

— Адис сизге кыймылсыз мүлк келишимдериндеги эл билбеген учурларды айтып берерин түшүнүү зарыл. Бул мурда салынган үйлөргө да, жаңы курулган турак жайларга да тиешелүү.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова ЕАЭБ - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абжапарова: ипотекалык насыя боюнча Кыргызстан ЕАЭБде үчүнчү орунда
Кесипкөйлөр кайсы курулуш компаниясы мыйзам чегинде иш алпарып, кайсылары ачык эле амалкөйлүк кыларын жакшы билишет. Тургундар бир нече жыл мурун көчүп кирип, бирок үй алигүнчө пайдаланууга бериле элек учурлар аз эмес. Албетте, андайда адамдар коммуникация жагынан кыйналышат.

Эгер эски үйлөр туурасында айтсак, анда кыймылсыз мүлктү расмий каттоо маселелери болушу мүмкүн. Мисалы, юридикалык жактан бир нече кишиге таандык батирлер бар. Андай турак жайды толук каттоо үчүн алардын ар биринин макулдугу жана каттоого өздөрү катышуусу талап кылынат. Менчик ээлеринин бири сатууга макул эмес же чет өлкөдө болуп калган учурлар кездешет...

Кыймылсыз мүлктү өз алдынча сатып алууда адам көп көйгөйлөргө кабылышы ыктымал. Үнөмдөмөк тургай кайра көп чыгым тартышыңыз мүмкүн. Бирок риелторду тандоодо да акыл калчоо абзел, дос, тааныштардын кеңештерин тыңдаган жакшы. Себеби бардык жакта "шылуундар" бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековНаталья Неговора Бишкектеги ири кыймылсыз агенттиктеринин бирин жетекчиси
Бишкекте азыр батир сатып алуу арзанга түшөбү? Эксперт менен маек - Sputnik Кыргызстан
Наталья Неговора Бишкектеги ири кыймылсыз агенттиктеринин бирин жетекчиси

— Пандемия башталгандан бери турак жай арзандады деген пикирлер бар...

— Анчалык эмес. Соңку убакта эски үйлөр көп сатыла баштады. Көпчүлүк муну Кыргызстандан көчүп кетүү планы менен түшүндүрүшүүдө. Андай чечимге эпидемия жана өлкөдөгү саясий кырдаал таасир эткен. Адамдар коопсуздукта жашоону каалашат.

Бирок, албетте, эч ким өз үйүн арзыбаган акчага кармата бергиси келбейт, ошондуктан баалар болжол менен мурдагыдай эле. Эгер турак жай сатып алуу керек болсо, анда азыр ыңгайлуу убак. Анткени кыймылсыз мүлк рыногунда учурда тандоо кеңири.

Жаңылыктар түрмөгү
0