Telegram мессенджери. Архив

Министрлик "ДыйканДос" Telegram ботун иштеп чыкты. Кандай жардам берет

182
(жаңыланган 15:48 28.12.2020)
Чат-бот дыйкандарга мамлекеттик программалар, гранттар, керектүү документтер жөнүндө ыкчам маалымат берүү максатында түзүлгөн.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бүгүн "ДыйканДос" деп аталган Telegram-ботту ишке киргизди. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Чат-бот дыйкандарга маалымат берүү жана аларды мамлекеттик программалар, гранттар, керектүү документтер жана күбөлүк жөнүндө ыкчам түрдө кабардар кылуу максатында түзүлгөн.

"Жалпы платформа суроолорго жооп алуу, продукцияны сатууга жардам берүү, аналитикалык маалыматтарды жана билим берүү шаймандарын алуу үчүн чыныгы дыйкандын жардамчы досу болот. Бул телеграмма-бот министрлик тарабынан артыкчылыктуу айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

"ДыйканДос" чат-ботту колдонуу үчүн Telegram мессенджерине жазылуу гана жетиштүү. 

Анда камтылган маселелер:

  • Мыйзам долбоорлору, актылар, документтердин шаблондору, министрликтин жаңылыктары жана отчеттору;
  • Мал чарбасына жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө тез жетүү ресурстары;
  • Маанилүү агроөнөр жай объектилеринин жайгашкан жерин, түшүм статистикасын көрсөткөн айыл чарба карталары;
  • Үрөндөрдүн, суунун жана жер семирткичтердин көлөмүн эсептөө үчүн онлайн-калькулятор;
  • Билим берүү каражаттарынын тизмеси, билим берүү каналдарына шилтемелер;
  • Онлайн-сатуу платформаларына шилтемелер;
  • Кыргызстандын айыл чарба бирикмелеринин топторуна телеграммалардын жеткиликтүүлүгү.

Жакында сертификацияланган ветеринардык дары-дармектердин реестри, жаныбарларды жасалма жол менен уруктандыруучу пунктулардын реестри, тыюу салынган пестициддердин тизмеси, айыл чарба шаймандарын берүүчүлөрдүн реестри дагы кошула турганы белгиленет.

182
Белгилер:
Telegram, жардам, дыйкан, чат, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Токтогазиев: бизде эл аралык стандартка ылайык 2 эле мал союучу цех иштейт
Күнүгө миңдеген мал жок болуп жатат. Токтогазиев контрабанда тууралуу
Кыргызстандын кайсы аймагында айыл чарба ишканалары көп
Колл-центрдин ишкери. Архив

Бишкекте мугалимдер онлайн-сабак өтпөй жатса арызданууга болот. Номерлер

5
Ушул жумадан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Калган класстар аралыктан билим алууну улантууда.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса кабарлап коюуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу өтүндү.

Эске салсак, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген. Аларга мугалим өзүнчө сабак өтөт, мындан сырткары, телеканалдарда телесабактар көрсөтүлөт.

"Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн-окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабак өтпөй жатат деген маалыматтар пайда болду. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Биз жакынкы убакытта балдардын бардыгы окууну кадимкидей тартипте улантарына ишенебиз", — деп жазган Чыныбаева.

Вице-мэр окуу процессине байланыштуу педагогдор тарабынан мыйзам бузуулар болсо 0709 24 02 84 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.

5
Белгилер:
кайрылуу, мугалим, окуу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкектеги мектептерге 53,5 миңден ашуун окуучу бара баштады
Кыз апасы менен кинотеатрда. Архив

Балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыяланды

16
Сценарий жазууга катышууну каалагандардын арызы "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:

  • болжолдуу аталышы;
  • жанр;
  • убакыт;
  • логлайн (кыскача баяндоо);
  • синопсис (кыскача мааниси).
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.

Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.

16
Белгилер:
балдар, кино, сынак, сценарий
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалына катышууда