Баткендеги ооруканаларга Тез жардам тапшырылган унаалары

Баткендеги ооруканаларга Тез жардам унаалары тапшырылды. Сүрөт

105
(жаңыланган 17:56 28.12.2020)
Унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Жасалма дем алдыруучу ИВЛ аппараты да орнотулган.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Баткен облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна төрт Тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

  • Баткен облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна төрт Тез жардам унаасы тапшырылды
    Баткен облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна төрт Тез жардам унаасы тапшырылды
    © Фото / полпредство правительства КР в Баткенской области
  • Өкмөт тарабынан берилген унаалар Исфана шаарына, Лейлек районунун Кулунду, Баткен районунун Самаркандек, Кадамжай районунун Үч-Коргон дарыгерлер борборлоруна бөлүштүрүлгөн
    Өкмөт тарабынан берилген унаалар Исфана шаарына, Лейлек районунун Кулунду, Баткен районунун Самаркандек, Кадамжай районунун Үч-Коргон дарыгерлер борборлоруна бөлүштүрүлгөн
    © Фото / полпредство правительства КР в Баткенской области
  • Унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөнү белгиленди. Жасалма дем алдыруучу ИВЛ аппараты да орнотулган.
    Унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөнү белгиленди. Жасалма дем алдыруучу ИВЛ аппараты да орнотулган.
    © Фото / полпредство правительства КР в Баткенской области
1 / 3
© Фото / полпредство правительства КР в Баткенской области
Баткен облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна төрт Тез жардам унаасы тапшырылды

Өкмөт тарабынан берилген унаалар Исфана шаарына, Лейлек районунун Кулунду, Баткен районунун Самаркандек, Кадамжай районунун Үч-Коргон дарыгерлер борборлоруна бөлүштүрүлгөн.

Унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөнү белгиленди. Жасалма дем алдыруучу ИВЛ аппараты да орнотулган.

Белгилей кетсек, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эсебинде облус боюнча 44 тез жардам унаасы бар. Анын сегизи быйыл мамлекет тарабынан берилсе, тогузун демөөрчүлөр менен эл алып берген.

105
Белгилер:
унаа, тез жардам, Баткен облусу
Тема боюнча
Ошто ай сайын 30 тез жардам унаасын чыгарган завод иштеп баштайт. Сүрөт
Көгүчкөн. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

0
27-январга караган түнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Талас жергесинде -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +6…+8 градус болот.

0
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы
Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев. Архив

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы кайра кармалды

39
(жаңыланган 20:38 26.01.2021)
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кайрадан кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.

Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган.

ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
9-январда ал өз ыктыяры менен мамлекетке келтирген чыгымдын бир бөлүгүн, 2,5 миллион сомун кайтарган. Ошол эле күнү ага Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылган.

Бирок аны бүгүн, 26-январда, Бишкек шаардык сотунун чечими менен кайрадан УКМКнын СИЗОсуна киргизишкени белгилүү болду. Бирок себептери аталган жок.

39
Белгилер:
Эрмек Мамыркалиев, коррупция, абак, соттук чечим
Тема боюнча
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты