Чүйдө 31-декабрдан тарта эл ташыган поезддер каттай баштайт

© Фото / пресс-служба ГП "Кыргыз Темир Жолу"Поезд на железнодорожном вокзале Бишкека. Архивное фото
Поезд на железнодорожном вокзале Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык маршруттар күн сайын, ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта каттамы күнүнө эки ирет каттайт. Ишканадан бардык санитардык нормалар сакталарын убадалашты.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жүргүнчү ташыган поезддер Чүй облусунун аймагында 31-декабрдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясынан" билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү төмөнкү багыттар боюнча каттамдарды жандантууга уруксат берген:

  • Бишкек — Токмок — Бишкек;
  • Кайынды — Бишкек — Кайынды;
  • Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта.

Бардык маршруттар күн сайын, ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта каттамы күнүнө эки ирет каттайт. Ишканадан бардык санитардык нормалар сакталарын убадалашты.

"Маршруттар боюнча айрым өзгөрүүлөр бар. Кайынды — Бишкек — Кайынды каттамында "Лицей" деген жаңы аялдама болот. Ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта поезди "Бишкек-1" станциясына чейин барат", — деп айтылат маалыматта.

Поезддердин расписаниеси темир жол вокзалдарынан жана "Кыргыз темир жолунун" сайтынын башкы бетинен биле аласыздар.

Эске салсак, пандемияга байланыштуу эл аралык темир жол каттамдары 17-марттан тарта, ички каттамдар 25-мартта токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0