Кыргызстандык абитуриенттер үчүн россиялык окуу жайга виртуалдык тур

© Фото / МГППУОбучение в Московском государственном психолого-педагогическом университете
Обучение в Московском государственном психолого-педагогическом университете - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясы маалында Кыргызстандагы абитуриенттер россиялык окуу жай менен онлайн таанышып, тапшыра алат.

Психология боюнча заманбап россиялык билим берүү боюнча алдыңкы саптагы Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинин (ММППУ) өкүлдөрү тапшыруунун жолдору жана келерки окуу жылы жөнүндө 17-январда өтө турган ачык эшик күнүндө онлайн форматта айтып бермекчи.

Аталган окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, ММППУ 23 багытта бакалавриат, магистратурада, ал эми специалитет боюнча 50дөн ашуун программада билим берет. Ошондой эле окуу жайда психологиянын ар кыл багыттары боюнча дипломдук магистрдик эки программа да ачылган: бири Болгариядагы Пловдивский университети, экинчиси Италиядагы Sapienza биринчи Рим университети менен иш алып барат. 

© Фото / МГППУМосква мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинин студенттери Хачатур Абовян атындагы Армян мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык илимий мектепте. Еревандын борбордук аянты.
Кыргызстандык абитуриенттер үчүн россиялык окуу жайга виртуалдык тур - Sputnik Кыргызстан
Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинин студенттери Хачатур Абовян атындагы Армян мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык илимий мектепте. Еревандын борбордук аянты.

ММППУда жакынкы жана алыскы чет өлкөдөн 124 студент бакалавриат, магистратура, специалитет, эл аралык мобилдүүлүк боюнча билим алат. Алардын 97си КМШ мамлекеттеринен келген. Окуу күндүзгү, күндүзгү-сырттан да, ошондой эле сырттан жана дистанциялык формаларда жүргүзүлөт.

Работа приемной комиссии в московских университетах - Sputnik Кыргызстан
Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот
Кыргызстандык 12 студент билим аларын маалымдайт окуу жайдын басма сөз кызматы. Бакалавриат программалары боюнча: "Атайын (дефектологиялык) билим", "Психология", "Социалдык иш" жана "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" — 5 киши; магистратурада: "Психологиялык-педагогикалык билим берүү", "Психология" — 5 студент специалитет программалары боюнча: "Клиникалык психология" — 1 киши, аспирантурада "Билим берүү жана педагогикалык илимдер" багытында 1 студент окуйт.

Кыргызстандык абитуриенттер да РФтин жарандары менен бирдей шарттарда бюджеттик орундарга тапшыра алышат. Мындан сырткары, кайсы гана өлкөнүн болбосун жарандары ММППУда акысыз билим алууга да мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн Россия өкмөтүнүн чет элдик жарандардын билим алуу квотасы каралган.

"Аспирантурада чет өлкөлүк студенттер квотасынын эсебинен бюджеттик бөлүмдө окуйм. Тапшырарда алгач портфолиомду жөнөткөм, андан соң аңгемелешүү өттү, пландап жаткан диссертациямдын темасын айтып бердим.

Билим берүү тармагына өз салымымды кошкум келет, себеби ар бир киши – "жумушчудан президентке дейре" педагогдун колунан өтөт, — дейт ММППУнун "Билим берүү психологиясы" факультетинин аспиранты Майсалбек Кадыржанов. Жаш жигит Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалдуу-Сай шаар тибиндеги кыштактан болот. 

© Фото / МГППУ"Чет элдик студенттердин куратору" программасынын алкагында иш-чаралар жыл сайын ММППУда өткөрүлүп турат. Бул сүрөттө студенттер: Италия, Испания, Сербия, Израиль, Чили, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Армения, Азербайжан ж.б. өлкөлөрдөн келген
Кыргызстандык абитуриенттер үчүн россиялык окуу жайга виртуалдык тур - Sputnik Кыргызстан
"Чет элдик студенттердин куратору" программасынын алкагында иш-чаралар жыл сайын ММППУда өткөрүлүп турат. Бул сүрөттө студенттер: Италия, Испания, Сербия, Израиль, Чили, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Армения, Азербайжан ж.б. өлкөлөрдөн келген

Ушул тапта аспирант болочок педагогдордун практика процессин оптималдаштыруу, ага санарип технологияны тартуу боюнча изденип келет. Бул мугалимдердин окуучулар менен иштөө үчүн көбүрөөк убакыт үнөмдөөгө жол берет.

"Сабактан тышкары убактарда кайрымдуулук иш-чараларына катышам. Пандемия маалында, врачтар көрүнбөс "душман" менен күжүрмөндүк менен күрөшүп жаткан маалда четте карап тура албадым. "Биз биргебиз" аттуу жалпы россиялык акцияга катыштым.

Натыйжада үч миллиондон ашуун кайрылуу боюнча иш алып бардык, ыктыярчылар бардык багыттарда – азык-түлүк жеткирүүдөн психологиялык көмөк көрсөтүүгө чейин күчүн аяшкан жок. Бүгүн да ыктыярчылык ишмердигибизди улантуудабыз", — деп кошумчалайт Кадыржанов.

Келечекте аспирант Кыргызстанга кайтып, топтогон тажрыйбасынан жаштар менен бөлүшкүсү келет. Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын билим берүү жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелерин бекемдөөгө салым кошууну көздөйт.

Чет өлкөлүк студенттер кабыл алуу кампаниясы жана кирүү экзамендеринен тарта университеттин эл аралык кызматы тарабынан кабыл алуучу комиссия жана факультеттер менен биргеликте коштолот. 

© Фото / МГППУ"Чет өлкөлүк студенттердин куратору" программасынын алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер өздөрүнүн каада-салты, маданияты менен тааныштырып жаткан учур
Кыргызстандык абитуриенттер үчүн россиялык окуу жайга виртуалдык тур - Sputnik Кыргызстан
"Чет өлкөлүк студенттердин куратору" программасынын алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер өздөрүнүн каада-салты, маданияты менен тааныштырып жаткан учур

"Сырттан келген студенттердин көнүп кетишине "Чет өлкөлүк студенттердин куратору" деп аталган ыктыярдык кыймылы чоң көмөкчү болот. Куратор — ММППУ тарабынан чет жерден келгендердин өлкөгө көнүп кетишине, ар кандай көйгөйлөрүн чечүүгө, бирге эс алуу, психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн бекитилген.

Мындай куратор чет өлкөлүк студентке жардамдашууга, колдоого дайым даяр жоопкерчиликтүү, ачык, кайрымдуу адам", — дейт ММППУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Наталия Байковская. Анын айтымында, кураторлор адатта Россиянын жарандыгы бар студенттер, бирок чет өлкөлүк студенттер да бул вазийпаны аткара алышат.

"Бирок кураторлукка көнүп калган, эми өз тажрыйбаларынан башка студенттер менен бөлүшүүгө даяр чет өлкөлүк студент дайындалат. Андай кураторлор абдан баалуу, анткени алар бөтөн өлкөгө көнүү эмне экенин өз жон териси менен сезишкен", — деп белгилейт Байковская.

Ар бир семестрде ММППУ Италия, Словения, Дания, Румыния, Кытай, анын ичинде Erasmus+ программасы боюнча студенттик алмашууларды жүргүзөт. Жайында студент алмашуу форматында Абовян атындагы Армения мамлекеттик педагогикалык университетинде жайкы мектеп уюштурулуп турарын кошумчалайт ММППУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Наталия Байковская. 

© Фото / МГППУСырттан келген студенттердин көнүп кетишине "Чет өлкөлүк студенттер куратору" деп аталган ыктыярдык кыймылы чоң көмөкчү болот. Куратор — ММППУ тарабынан чет жерден келгендердин өлкөгө көнүп кетишине, ар кандай көйгөйлөрүн чечүүгө, бирге эс алуу, психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн бекитилген. Сүрөттө студенттер "Карандаш" оюнун ойноодо
Кыргызстандык абитуриенттер үчүн россиялык окуу жайга виртуалдык тур - Sputnik Кыргызстан
Сырттан келген студенттердин көнүп кетишине "Чет өлкөлүк студенттер куратору" деп аталган ыктыярдык кыймылы чоң көмөкчү болот. Куратор — ММППУ тарабынан чет жерден келгендердин өлкөгө көнүп кетишине, ар кандай көйгөйлөрүн чечүүгө, бирге эс алуу, психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн бекитилген. Сүрөттө студенттер "Карандаш" оюнун ойноодо
"ММППУнун дүйнөнүн 19 өлкөсүндөгү уюмдар менен ар кандай эл аралык 16 макулдашуусу бар. Кыйла маанилүү долбоорлордун катарында — жыл сайын өткөрүлчү ISCAR эл аралык жайкы университети бар. Бул долбоор маданий-тарыхый психология көйгөйлөрүнө багытталган. Анын максаттуу аудиториясы дүйнөнүн булуң-бурчундагы жаш окумуштуулар болуп саналат", — дейт Байковская.

Окуу жайдын маалымат кызматы билдиргендей, быйыл коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөлүк абитуриенттер менен өз ара аракеттердин (документ, кирүү экзамендерин тапшыруу, окууга кирүү) баары аралыктан жүргүзүлгөн.

"Учурда чет жердеги студенттердин билим алуусу онлайн режимде жүргүзүлүп, окутуучулар Zoom жана Mirapolis аянтчаларында дарс окуп, студенттер тапшырмаларын электрондук почта аркылуу жөнөтүп жатышат. Деканат жана эл аралык алакалар бөлүмү менен да байланыш E-mail же WhatsApp боюнча ишке ашырылууда", — деп тактайт университеттин басма сөз кызматы. 

© Фото / МГППУМосква мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университети жөнүндө буклет
Кыргызстандык абитуриенттер үчүн россиялык окуу жайга виртуалдык тур - Sputnik Кыргызстан
Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университети жөнүндө буклет

ММППУ Россиядагы HeadHunter онлайн-рекрутингдик эң ири платформасынын "hh.ru 2019-2020 версиясы боюнча Москванын мыкты факультеттери жана окуу жайларынын" рейтингине кошулган. "Социалдык психология" факультети персоналды башкарууда мыкты факультеттердин сап башында. Бул эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөргө чоң артыкчылыктарды берет.

Ошондой эле университет "Психология" предмети боюнча 2019-жылы "Улуттук таануу" рейтингине (2-орун), ал эми 2019-2020-жылы көп тандалган окуу жайлардын катарында "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин "Социалдык навигатор" рейтингине кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0