Майды эритип, адамды ашыкча салмактан арылта турган азык аталды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алма шоколад же башка калориясы көп таттууга салыштырмалуу адамды үч эсе ток алып жүрөт. Диетолог клетчатка дагы ашыкча салмактан арылта турганын айткан.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Тамак ичердин алдында күнүнө бир даанадан алма жеп туруу бир жыл ичинде беш килограмм майдан арылтууга жардам берет. Бул тууралуу британиялык диетолог Роб Хобсондун айтымына таянып, РИА Новости кабарлады.

Анын айтымында, алма шоколад же башка калориясы көп таттууга салыштырмалуу адамды үч эсе ток алып жүрөт.

"100 грамм алмада 1,2 грамм тамак-аш буласы болот. Ошондуктан ал адамды ток алып жүрөт жана ашыкча тамак жегенге жол бербейт", — деди адис.

Хобсон клетчатка дагы ашыкча салмактан арылта турганын айткан. Себеби ал ичегидеги бактериялардын балансын жөнгө салып, организмде майдын туруп калышын жайлатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0