Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү

© Фото / Нурпери СадырбековаКыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова, Нураида Анаркулова, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы
Кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова, Нураида Анаркулова, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын балбан кыздары пандемия шартында да өлкө туусун бийик көтөрүштү. Алар күрөш килеминде сүрдүү жана күчтүү, ал эми жашоодо бардык кыздар сыяктуу назик жана сулуу.

Жыл этектеп калганда күрөш түрлөрү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн Дүйнө кубогуна катышып, кыздардан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова чемпион болсо, Айпери Медет кызы коло медаль алды. Бул үч кыздын аркасынан башка спортчу кыздардын өсүп келе жатканы белгилүү.

Жаңы жылды утурлай балбандар майрамдык кечеге, жолугушууларга барып жатышат. Sputnik алардын көз күйдүргөн сүрөттөрүн топтоп, жараткан ийгиликтерин эске салмакчы.

Айсулуу Тыныбекова

Дүйнө элине таанымал Айсулуу Тыныбекованын байге куржунунда Олимпиада оюндарынын гана медалы жок. Ал быйыл 16-декабрда Сербиядагы Дүйнө кубогунда чемпион болду.

© Фото / из личного архива Айсулуу ТыныбековойДүйнө элине таанымал Айсулуу Тыныбекованын байге куржунунда Олимпиада оюндарынын гана медалы жок. Ал быйыл 16-декабрда Сербиядагы дүйнө кубогунда чемпион болду.
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө элине таанымал Айсулуу Тыныбекованын байге куржунунда Олимпиада оюндарынын гана медалы жок. Ал быйыл 16-декабрда Сербиядагы дүйнө кубогунда чемпион болду.

Ал эми былтыр Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында да алтын медаль тагынган. Бул урунттуу окуя экенин белгилей кетели. Анткени Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө биринчилигинде бир да балбан мындай ийгиликке жеткен эмес.

© Фото / Нурпери СадырбековаАл эми былтыр Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында да алтын медаль тагынган
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Ал эми былтыр Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында да алтын медаль тагынган

Тыныбекова, мындан тышкары, бир нече жолу Азия чемпиону болгон жана Азия оюндарында биринчи орунду алган. Эл аралык мелдештерде алган медалдары дагы көп.

Айсулуу Тыныбекова 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында чоңойгон.

© Фото / из личного архива Айсулуу ТыныбековойАйсулуу Тыныбекова 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында чоңойгон.
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында чоңойгон.

Килемде 62 килограмм салмактагылар арасында күч сынашат.

Мээрим Жуманазарова

Жылдыздуу балбан кыз Сербияда өткөн дүйнө кубогунда намыска жарап, биринчи орунду камсыздады.

© Фото / Назира Марсбек кызыМээрим Жуманазарова Сербияда өткөн дүйнө кубогунда намыска жарап, биринчи орунду камсыздады
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Мээрим Жуманазарова Сербияда өткөн дүйнө кубогунда намыска жарап, биринчи орунду камсыздады

Ал 2017-2018-2019-жылдары жаштар арасындагы Азия чемпионатын жеңген. 2018-2019-жылдары чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын эки жолку коло байге ээси болгон.

2017-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло, 2019-жылкы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.

© Фото / из личного архива Мээрим ЖуманазаровойЖуманазарова 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Килемдеги салмагы 68 килограмм.
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Жуманазарова 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Килемдеги салмагы 68 килограмм.

2017-2018-жылдары чоңдор арасындагы Азия оюндарында эки ирет үчүнчү орунду алган. Мындан тышкары, бир катар эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгон.

Жуманазарова 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Килемдеги салмагы 68 килограмм.

Айпери Медет кызы

Бул балбан кызыбыз да Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда курама команданын байге капчыгын толуктап, коло байгенин ээси болду.

© Фото / из личного архива Айпери Медет кызыАйпери Медет кызы Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда курама команданын байге капчыгын толуктап, коло байгенин ээси болду
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Айпери Медет кызы Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда курама команданын байге капчыгын толуктап, коло байгенин ээси болду

2017-жылы жабык имараттагы Азия оюндарында жана Ислам тилектештик оюндарында коло медаль алган. Ошол эле жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган. Бул тарыхый окуя эле. Себеби Кыргызстанда балбан кыздардын эч кимиси жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинен жеңүүчү болгон эмес.

2018-жылы Азия чемпиону болгон жана Азия оюндарында коло медаль алган. 2019-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон. Быйыл Азия биринчилигинде күмүш тагынды.

© Фото / из личного архива Айпери Медет кызыАйпери Медет кызы 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Килемдеги салмагы 76 килограмм.
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Айпери Медет кызы 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Килемдеги салмагы 76 килограмм.

Айпери Медет кызы 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Килемдеги салмагы 76 килограмм.

Нураида Анаркулова

Эл оозуна алынып келе жаткан балбан кыздардын бири Нураида Анаркулова дагы бир катар ийгиликке жеткен.

© Фото / из личного архива Нураиды АнаркуловойНураида Анаркулова 2017-жылы Азия чемпионатында вице-чемпион болгон
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Нураида Анаркулова 2017-жылы Азия чемпионатында вице-чемпион болгон

Ал 2017-жылы Азия чемпионатында вице-чемпион болгон. 2019-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль, жаштар арасында Азия чемпионатында дагы күмүш байге, ошол эле жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Россияда өткөн ачык кубокто алтын медаль тагынган.

© Фото / из личного архива Нураиды АнаркуловойАнаркулова 2000-жылы 21-апрелде Талас облусундагы Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылында туулган. Килемдеги салмагы 57 килограмм.
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Анаркулова 2000-жылы 21-апрелде Талас облусундагы Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылында туулган. Килемдеги салмагы 57 килограмм.

Анаркулова 2000-жылы 21-апрелде Талас облусундагы Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылында туулган. Килемдеги салмагы 57 килограмм.

Назира Марсбек кызы

Келечектүү балбандардын бири Назира да бир катар ийгиликтерди багындырып келе жатат.

© Фото / Мээрим ЖуманазароваНазира Марсбек кызы 2016-жылы юниорлор арасындагы дүйнө чемпионатында жана Азия чемпионатында үчүнчү орундарды камсыздаган. 2017-жылы Кытайдагы жана Түркмөнстандагы эл аралык турнирлерде коло байге алган.
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Назира Марсбек кызы 2016-жылы юниорлор арасындагы дүйнө чемпионатында жана Азия чемпионатында үчүнчү орундарды камсыздаган. 2017-жылы Кытайдагы жана Түркмөнстандагы эл аралык турнирлерде коло байге алган.

Ал 2016-жылы юниорлор арасындагы дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду камсыздаган. 2017-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль, Түркмөнстандагы жабык имараттагы Азия оюндарында түркмөн күрөшү боюнча коло байге алган.

Былтыр жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынса, Түркиядагы эл аралык турнирде биринчи орунга ээ болгон.

© Фото / из личного архива Назиры Марсбек кызыМарсбек кызы 1999-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. Килемде 59 килограмм салмактагылар арасында күч сынашат.
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Марсбек кызы 1999-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. Килемде 59 килограмм салмактагылар арасында күч сынашат.

Марсбек кызы 1999-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. Килемде 59 килограмм салмактагылар арасында күч сынашат.

Калмира Билимбек кызы

Балбан кыз былтыр чоң ийгилик жаратып, жылдызы жанды. Анда ал Болгарияда өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык кыз болуп калды. Буга чейин Айпери Медет кызы ушундай жыйынтык көрсөткөнү маалым.

© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызыБалбан кыз былтыр чоң ийгилик жаратып, жылдызы жанды. Анда ал Болгарияда өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык кыз болуп калды.
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Балбан кыз былтыр чоң ийгилик жаратып, жылдызы жанды. Анда ал Болгарияда өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык кыз болуп калды.

Балбан кыз өзү туулган Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жашап, Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгат. Ал эркин күрөш боюнча облустук чемпионатты беш жолу, республикалык чемпионатты үч ирет уткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🍃kalmira🍃 (@bilimbekova_03)

Ошондой эле Украина, Түркия, Казакстанда өткөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия жана дүйнө чемпионаттарында бешинчи орунга татыган. Калмира 17 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0