Түлөбаев Бишкекке чоң бульвар салына турганын айтып, видеосун көрсөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-президент компании "Аю" Балбак Тулобаев
Вице-президент компании Аю Балбак Тулобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо көрүнүп тургандай, курула турчу эс алуу жайы Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинде жайгашат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ордо калаада эң чоң бульвар салына турганын Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

"Бишкекке эң чоң бульвар салабыз" , — деп жазган ал.

Түлөбаев курула турчу бульвардын эскиз видеосун да жарыялады.

Анда көрүнүп турандай, эс алуучу жай Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинде жайгашарын, бульвар космос түрүндө жасалганын байкоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0