Пандемия КРдеги бүлөлөрдүн тең жарымынын кирешесин азайтты. Иликтөө

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүБанкомат ВТБ на станции Московского метро
Банкомат ВТБ на станции Московского метро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитети беш миңдей үй чарбасынын өкүлдөрү менен сурамжылоо жүргүзүп, ар бир бешинчи жаран, Кыргызстандабы же чет өлкөдө болобу, жумушунан айрылганын айткан.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстандын үй чарбаларынын 54 пайызынын кирешеси төмөндөп кетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында айтылды.

Изилдөө 15-октябрдан 15-ноябрга чейин жүргүзүлүп, ага 4 954 үй чарбасынын мүчөлөрү тартылган.

"Кирешеси азайганын айткандар 54 пайызга жеткен. Муну менен катар эмгек ишмердүүлүктөн түшкөн киреше дээрлик 37 пайызга кыскарган. Өздүк чарбадан өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн киреше 16 пайызга, ал эми чет жактардан акча которуулар 16 пайызга чейин түшүп кетти", — деп айтылат маалыматта.

Сурамжылоого катышкандардын 22 пайызы үй-бүлө мүчөлөрүнүн жок дегенде бирөө өлкөдө жумушун токтоткону же чет жактардагы жумушунан аргасыздан айрылып, КРге келгенин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0