БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети жыл башынан бери Кыргызстанда кайсы товарлар канча пайызга кымбаттагандыгы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу өсүмдүк майы, кумшекер жана картошка кымбаттады.
Кымбаттоолор:
Анткен менен айрым азык-түлүктөрдүн баасы арзандаган. Алардын катарында тоок эти, тоңдурулган балык, таруу, туздалган бадыраң, туз сыяктуу азыктар бар.
Эске салсак, Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы декабрдан тарта байкаларлык кымбаттады. Ал эми өкмөт баанын өсүшүн токтотууга алы жетпей жаткандыгын айтууда.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Красноярск – Ош – Красноярск чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
23-январь күнү Красноярск шаарынан учуп келген "Икар" авиакомпаниясы алгачкы учагы "Ош" эл аралык аэропортуна келип конгон.
"Алгачкы каттамда Ош калаасына 125 жүргүнчү учуп келип, Красноярск шаарына 189 жүргүнчү учуп кетти", — деп жазылат маалыматта.
Жаңы ачылган чартердик каттам жумасына бир жолу — ишемби күнү учары кошумчаланды.
Буга чейин Кыргызстан Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев Россияга болгон авиабилеттердин баасын арзандатуу жана рейстерди көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирген.
Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.
Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.
48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен.Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.
Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.
Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.
Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта Ош шаарындагы "Достук" бажы бекетинде иштеген тескөөчү кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды контрабандалык жол менен ташып кирүү фактысы боюнча колго түшкөнү кабарланды.
"2020-жылдын декабрь айында Финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны кармашкан. Аны "Достук" бажы бекетинин кызматкерлери КР аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен. Натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган тескөөчү А. Р. 21-январь күнү Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулганы айтылат.
Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.