Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева

Сурабалдиева мектептерге жыныстык маданият программасын киргизүүнү сунуштады

2007
(жаңыланган 11:49 30.12.2020)
Вице-премьер үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесин комплекстүү түрдө кароо зарыл экенин белгилеген.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек. Бул туурасында социалдык блокту тескеген вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өкмөттө үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Ал үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесин комплекстүү кароо зарыл экенин белгилеген.

"Ошол эле учурда мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү зарыл. Жаш муун туура маалымат алуусу абзел. Интернет айдыңында маалыматтарды ылгап көрсөтүү мүмкүн болбогондуктан, 15 жаштагы өспүрүм порнографиялык материалдарды ачык эле көрө алат. Ушул маселени чечүү керек", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле ал интернет баарына тегиз жеткиликтүү болгондуктан ишенимсиз булактардан ар кандай багыттагы маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.

2007
Белгилер:
интернет, Элвира Сурабалдиева, окуучу, маданият, мектеп
Тема боюнча
Турганбаева: карантинден улам үй-бүлөлүк зордук-зомбулук 65%га өскөн
БУУ Тоңдогу 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча үн катты
Тапанча кармаган адам. Архив

Ак-Талаа: акимдин кабинетинде тапанча менен чуу салган киши кармалды

11
(жаңыланган 12:30 16.01.2021)
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.

“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

11
Белгилер:
Ак-Талаа району, коркутуу, кармоо, тергөө, милиция, мас
Тема боюнча
Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалды
Бишкекте чет элдик жаранды коркуткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео
Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды
Казакстандын тез жардам кызматкерлери. Архив

COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди

21
Эрежеге ылайык, аталган аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.

Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.

Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

21
Белгилер:
абал, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды
Ким оорушу мүмкүн? Иммунолог коронавирустун жазындагы жаңы толкунуна баа берди