ИИМ гарнизондук саптык кароо өткөрдү

Жаңы жыл менен шайлоо алдында ИИМ гарнизондук саптык кароо өткөрдү. Сүрөт

56
(жаңыланган 13:00 30.12.2020)
Бүгүндөн тарта 1-январга чейин ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөй турганы белгиленди. Иш-чара коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулду.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Эски аянтта Жаңы жыл алдында милициянын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • Гарнизонный развод милиции на Старой площади столицы по случаю новогодних праздников. 30 декабря 2020 года
    Бишкек шаарындагы Эски аянтта Жаңы жыл алдында милициянын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Гарнизонный развод милиции на Старой площади столицы по случаю новогодних праздников. 30 декабря 2020 года
    Иш-чара жаңы жыл майрамын өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулду.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Гарнизонный развод милиции на Старой площади столицы по случаю новогодних праздников. 30 декабря 2020 года
    ИИМ башчысы Улан Ниязбеков президенттик шайлоодо жана үгүт иштери учурунда да коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоону талап кыларын айткан.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Гарнизонный развод милиции на Старой площади столицы по случаю новогодних праздников. 30 декабря 2020 года
    Гарнизондук саптык кароого ИИМдин Ички аскер коопсуздук кызматынын жоокерлери, "Шумкар" атайын багыттагы полкунун, ЖКККББнын, Күзөт кызматынын милиционерлери, Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИББдин аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба МВД КР
Бишкек шаарындагы Эски аянтта Жаңы жыл алдында милициянын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү.

Иш-чара жаңы жыл майрамын өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулду. ИИМ башчысы Улан Ниязбеков президенттик шайлоодо жана үгүт иштери учурунда да коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоону талап кыларын айткан.

Гарнизондук саптык кароого ИИМдин Ички аскер коопсуздук кызматынын жоокерлери, "Шумкар" атайын багыттагы полкунун, ЖКККББнын, Күзөт кызматынын милиционерлери, Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИББдин аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Бүгүн, 30-декабрдан тарта, 1-январга чейин ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөй турганы белгиленди.

56
Белгилер:
кароо, шайлоо, Жаңы жыл, ИИМ
Тема боюнча
ИИМ БШКны кандай негизде тинтип, текшерип жатканын түшүндүрүп берди
ИИМ депутаттарды суракка эмнеге чакырып жатканын түшүндүрдү
Учитель дезинфицирует руки кыргызских школьников в первый день нового учебного года в Бишкеке. 1 сентября 2020 года

Бишкектеги мектептерге 53,5 миңден ашуун окуучу бара баштады

8
(жаңыланган 10:25 19.01.2021)
Борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Бүгүн ушул эле класстагы төрт миң бала аралыктан эле окууну туура көрдү.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин онлайн тартипте окутууга өткөн биринчи күнү 53,5 миңден ашуун бала барса, ушул эле окуучулардын 3 680 классташы аралыктан окуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады.

Ошондой эле алты миңден ашуун мугалим расписаниеге ылайык, кадимки жана аралыктан билим берүү тартибинде сабак өтүшкөн.

Маалыматта мектептер дезинфекциялык каражаттар, антибактериалдык самындар, санитайзер, термометр жана башкалар менен камсыздалганы айтылды.

8
Белгилер:
билим, окуучу, мектеп, Бишкек мэриясы
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эки топко бөлүнүп, 20-25 мүнөттөн окушат. Мектептеги окуу боюнча 6 суроого жооп
Имбирь. Архив

Имбирь бардыгына эле пайдалуу эмес. Адис аны колдонуунун жолу тууралуу

55
Дарыгер имбирден таттуулар да жасаларын, андай учурда пайдалуу касиетин жоготпой турганын белгиледи. Аны бир жолу колдонуу өлчөмү 80-100 грамм экени эскертилди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Имбирь иммунитетти чыңдап, организмди инфекциялардан коргоого жардам берет. Аны кандай колдонуш керектигин Sputnik радиосуна дарыгер-терапевт, диетолог, нутрициолог Мария Черняева айтып берди.

Адистин айтымында, имбирь көптөгөн витаминдер жана минералдарга бай. Ал күчтүү антиоксидант катары сезгенүүгө каршы туруп, зат алмашуу процессин тездетип, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.

"Имбирди каалагандай колдонсо болот. Кургатылганда пайдалуу касиети көбүрөөк сакталат. Жаңы имбирдин тамырын майдалап, бал менен аралаштырып, чайга кошуп ичип же ар кандай суусундуктарды даярдаса болот", — деген диетолог.

Имбирди шорпого жана татымалдарга кошсо мүмкүн экенин, ошондой эле чыгыш ашканасында маринаддалган түрдө колдонуларын кошумчалаган.

Мындан тышкары, имбирден таттуулар жасаларын, андай учурда да дарылоо касиетин жоготпой турганын белгиледи.

Бирок адис каршы көрсөтмөлөрүн да эскерте кетти.

"Имбирь канды суюлтуучу дары-дармектердин таасирин күчөтүп салат. Ал эми өзү канды суюлтуучу касиетке ээ да. Андан тышкары, өт баштыкчасынын дарты менен жабыркагандарга жана ашказан оорусу барларга сунушталбайт", — деген адис.

Аны бир колдонуунун өлчөмү 80-100 грамм экенин да эскерткен.

55
Белгилер:
имбирь, дарыгер, витамин, иммунитет
Тема боюнча
Кышында эртең мененки тамактан баш тартуу эмне үчүн кооптуу. Адистин жообу
Майды эритип, адамды ашыкча салмактан арылта турган азык аталды