БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу коомдук транспорттун графиги 31-декабрь жана 1-январда бир аз өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
31-декабрь күнү №2, №4, №7, №8, №10, №14 троллейбус жана автобус, маршруткалар 6:00дөн 00:00гө чейин иштейт.
1-январда автобус менен троллейбустар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми маршруткалардын 0:00гө чейин элге кызмат кылары айтылды.
Эгерде коомдук транспорт боюнча маселе жаралса, шаардыктар төмөнкү номерлерге чалса болот:
Шаардык транспорт башкармалыгы (маршрутка боюнча) — 0 (312) 533 648 (диспетчерлик кызмат), 0550143637;"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу" ишканасы, автобустардын ишин карайт — 0 (312) 534 824 (диспетчерлик кызмат), 0553 022 753;
Бишкек троллейбус башкармалыгы — 0 (312) 635 199 (диспетчерлик кызмат), 0700411905.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.
"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат.
Мындан сырткары, ата-энелерге балдардын уюлдук телефонуна "Мен милициянын аймактык инспекторумун" жана "112 Кыргызстан" тиркемелерин көчүрүп берүүнү сунуштады.
"Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек? Кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл. Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтүрбөөгө жардам берет. Ошондой эле зомбулукка кабылган жашы жете электерге психологиялык жардам берүү маанилүү", — деп айтылат билдирмеде.
Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.
Кичинекей актер Назирет Дубашев жана камчы менен "байбичесин" урган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун, башын колу менен калкалап жерде жаткан Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1966-жылы Суусамыр жайлоосунда тартылган.
Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетин бүтүп жаткан жаш режиссер Төлөмүш Океев 1965-жылы дипломдук иши катары "Бакайдын жайыты" тасмасы боюнча иштеп, тартуу иштерин баштаган.
Кинофильмде кичинекей Калыктын образын жараткан Назирет Дубашев ошол учурду мындайча эскерет:
"Кинодо бир нерсени жасалмалоого аракет кылынса шак эле көрүнүп калат. Жылкычы Бакай байбичесин сабап жаткан эпизодду тартуу алдында Алиман эненин чапанынын астына коргоочу каражаттар салынып, Муратбек атанын колуна кайыш эмес, башына жип байланган камчы берилген. Анан ошону менен актрисаны чын эле камчылап, мени боз үйдүн ичине кирип кеткенче түрткөн. Аны биз үч-төрт дубль менен тартканбыз. Андан сырткары, менин аксакалды укурук менен чапкан жерим бар. Режиссер Төлөмүш Океев "ча-а-ап" деп кыйкырат, мен атамдай болгон чоң кишиге кол көтөрө албай, колум барбай койгом. Ошондо Алиман Жангорозова "берчи, мен өзүмдүн өчүмдү алып алайынчы" деп таяк менен бир чапкан. Ал кадрды монтажда мен кылгандай кылып оңдошкон. Эки залкарды атам менен энемдей, алар мени өз баласындай көрүшчү. Негизи андай улуу инсандар менен иштешүү аябай жеңил болчу, боз үйдө чогуу 15 күндөй жашап да калдык. Убагында алар менен бир киного тартылып калганым үчүн сыймыктанам", — деди Дубашев.
"Бакайдын жайыты" 1965-1966-жылдары Суусамыр жайлоосунда тартылып, жылкычы Бакайдын образын Муратбек Рыскулов, Урум апаны ролун Алиман Жангорозова аткарган.
Кинокартина көрсөтүлгөндө чет элдик сынчылар жогору баалап, жаш Океевге бүткүл союздук жана дүйнөлүк атак-даңк алып келген. Мисалы, Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалдарда абройлуу сыйлыктарга татып, советтик 100 мыкты кинонун катарына кирген.Аталган эмгектеги сейрек ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө болот.