КТРКга жаңы жетекчи шайланды

Жазылуу
Өлкөнүн башкы телеканалын жетектөө ниетин билдирген талапкердин ичинен Бахтияр Алиев эң көп добуш алган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Коомдук телерадио корпорациясынын директору болуп Бактияр Алиев шайланды.

© Фото / пресс-служба КТРКБактияр Алиев
КТРКга жаңы жетекчи шайланды - Sputnik Кыргызстан
Бактияр Алиев

Анын талапкерлигин колдоп Байкоочу кеңештин 11 мүчөсү добуш берген.

Алгач өлкөнүн башкы телеканалын жетектөө ниетин билдирип 15 талапкер арыз берип, кийин алардын экөө талапкерлигин алып салган.

Судья балканы колунда кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тартип комиссиясына жаңы төрага шайланды. Ал тууралуу эмне белгилүү
Байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдызбек Керимбаевдин айтымында, талапкерлерди тандоонун үчүнчү этабында 13 талапкердин ичинен 6 талапкер бюллетенге кирген. Ал эми эки талапкер сынактан четтетилген. Калгандары башкаларды көрсөтүп, өз талапкерлигин алып салышкан.

Белгилей кетсек, 5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин КТРКнын мурдагы төрагасы Жайнак Үсөн уулу кызматтан кеткен. Башкы директордун кызмат ордуна 29-октябрда сынак жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0