Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

Министр: Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина чыгарылат

372
(жаңыланган 19:48 30.12.2020)
Бейшеналиевдин айтымында, гепатит сыяктуу башка ооруларга дагы каршы вакцина өндүрүү пландалып жатат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылдан тарта Кыргызстанда коронавируска каршы россиялык вакцина чыгарыла баштаарын айтты.

Sputnik радиосунун эфиринде министр 500 миң доза вакцина алуу менен катар аны чыгаруу дагы пландалып жатканын билдирген.

"Россиялык кесиптешим Михаил Мурашко менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, коронавируска каршы вакцинаны Кыргызстандын аймагында дагы чыгаруу боюнча келишимге жетиштик. Негизи вакцина үчүн материал арзан эле түшөт экен. Бирок аны куюу, таңгактоо, жеткирүү, сактоо кымбатка турат. Ошондуктан вакцинаны Кыргызстанда өндүрүү кыйла пайдалуу", — деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, гепатит сыяктуу башка ооруларга дагы каршы вакцина өндүрүү пландалып жатат.

372
Белгилер:
вакцина, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2496)
Тема боюнча
Биолог COVID-19дун жаңы штаммдарына вакцина кандай таасир этерин айтты
Аткаминер иш учурунда. Архив

Калктын кыргыз бийлигине ишеними азайып кетти. Статкомдун изилдөөсү

5
(жаңыланган 19:04 20.01.2021)
Сурамжылоонун жыйынтыгында аткаруу бийлигине элдин ишеними 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөгөн.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында калктын ишеним индекси кыргыз бийлигине былтыркыга салыштырмалуу төмөндөп кетти. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Изилдөө декабрь айында жүргүзүлүп, 18 жаштан 75 жашка чейинки Кыргызстандын 3600 жараны сурамжылоого алынган.

Натыйжада аткаруу бийлигинин, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине калктын ишеним индекси 25 баллды түзгөн. Муну менен 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөгөн.

  • Ишеним индекси жана төмөндөшү;
  • Облустук, райондук маанидеги шаарлар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — 47,8 ( -2,3) балл;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 44,6 (-1,1);
  • Жергиликтүү мамлекеттик администрация — 44,2 (-47,6);
  • Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү — 47,2 (-3,5);
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — 40,4 (+0,1);
  • Экономика министрлиги — 15,1 (-5,5)
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду — 14,2 (-2,5)
  • Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматы — 13,3;
  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы — 10,3 (-1,3);
  • Мамлекеттик бажы кызматы — 3,6 (-1,5)
5
Белгилер:
Улуттук статистика комитети, ишеним, бийлик, кыргыз
Тема боюнча
Статком: Баткен, Жалал-Абад жана Нарындын эли жакыр жашайт
Кыргызстандын ИДПсы 598 млрд. сомду түзүп, экономика 9%га төмөндөдү
Москванын көчөлөрүнүн биринде беткапчан бара жаткан адамдар. Архивдик сүрөт

РФте жүргөн мигранттар 15-мартка чейин документтерин иретке келтириши керек

43
(жаңыланган 18:29 20.01.2021)
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары коюлган талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:

  • ID-card же жалпы жарандык паспортту жарактуу мөөнөтү бүткөн соң өз убагында алмаштыруу;
  • Россиянын аймагында жүрүү үчүн документтерин (убактылуу жашоого уруксат, мөөнөтү бүткөндүгү тууралуу белгиси менен миграциялык карта, каттоосу) Россиянын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирүү;
  • зарыл болгон учурда жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин жана контрактыларын узартуу;
  • административдик укуктарды бузгандыгы үчүн салынган айыптарын жоюу;
  • Россиянын аймагынан өз эрки менен чыгып кетүү (эгер мурда өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган болсо).

Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.

43
Белгилер:
документ, мыйзам, талап, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү
Путин мигранттарды курулушка жумушка алуу тартибин жеңилдетүүнү тапшырды
Россиянын курулуш компаниялары мигранттарга муктаж болууда