Башың жетпесе, кийлигишпе. Түлөбаев монорельс боюнча сын айткандарга жооп берди

© пресс-служба мэрии города БишкекМэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин милдетин аткаруучу эгер баары ойдогудай ишке ашса, бир рельстүү транспорт Караколго чейин жетерин белгилеген.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бир рельстүү транспорттун долбоору боюнча айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берди.

Буга чейин мэрия жерден 5-7 метр бийикте боло турчу бир рельстүү транспорттун долбоорун сунуштаган. Айрымдар аталган долбоорду колдой турганын айтышса, башкалары анын ишке ашуусунан күмөн санап, 2006-жылдан бери талкууланып, бирок ишке ашпай келе жатканын белгилешкен.

"Бул келечектин долбоору, аны биз ишке ашырышыбыз керек. Эгер аны сала турган болсок, Сеул, Ташкент же Кытайга караганда арзан болот. Бизде Аламүдүн жана Ала-Арча деген эки суу бар. Мына силерге жол, жаңысын куруп кереги жок. Алардын үстүнө бетон түркүктөрдү коюп кете бер. Баары даяр. Жерди казып, сатып алып кереги жок. Болгону системаны эле коюп койсо жетиштүү. Айрымдары бул "Балбактын фантазиясы, ал элди алдап жатат" деп жатышат. Эгер сенин башың, фантазияң жетпесе, анда кийлигишпей чайыңды кайнатып, элдин башын айлантпай үйдө отур", — деди Түлөбаев.

Мэрдин милдетин аткаруучу эгер баары ойдогудай ишке ашса, бир рельстүү транспорт Караколго чейин жетерин белгилеген.

Монорельс — эстакада аркылуу рельс менен жүрөт, эл ташуучу транспорттун бир түрү.

Жаңылыктар түрмөгү
0