Астролог Уй жылын кантип туура тосуу керектигин айтып берди

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosОбщественное питание
Общественное питание - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, уй үй жаныбары болгондуктан жылды үй-бүлө, жакындардын курчоосунда тосууну талап кылат.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Астролог Лилия Любимова келе жаткан Уй жылын кантип туура тосуп, майрамдык дасторконду кантип даярдоо керектигин Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди. 

Анын пикиринде, Уй жылы кенен дасторконду жактырат. Бирок уй эти эмес, тоок, балык жана жер-жемиштер көп болгону жакшы.

"Уй жылы марттыкты, дүйүм тамакка толгон дасторконду жактырат. Элдин баарынын курсагы ток болсун деп самайт. Бизге көнүмүш, эттен жасалган тамактарды быйыл жашылча салаттары, таттуу токочтор менен алмаштыргыла", — деди астролог.

Ошондой эле адис уй үй жаныбары болгондуктан жылды үй-бүлө, жакындардын курчоосунда тосууну талап кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0