191 киши коронавирус жуктуруп, бир адам кайтыш болду. Соңку статистика

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ооруканада 1 093 бейтап COVID-19дан дарыланып жатат. Анын ичинен 279 адамдын абалы оор болсо, 46сынын абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 191 кишиден коронавирус табылып, 294 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 77;
  • Ош шаары – 32;
  • Чүй облусу – 76;
  • Ош облусу – 16;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 30;
  • Баткен облусу – 14.

Айыккандар:

  • Бишкек – 77;
  • Ош шаары – 32;
  • Чүй облусу – 76;
  • Ош облусу – 16;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 30;
  • Баткен облусу – 14.

Кечээтен бери коронавирус Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан
Министр: Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина чыгарылат
Ушуну менен өлкөдө оору илештиргендердин саны 81 034кө жетти. Анын ичинен 75 918 бейтап дартты жеңсе, тилекке каршы, 1 355 адам кайтыш болду.

Учурда ооруканада 1 093 бейтап COVID-19дан дарыланып жатат. Анын ичинен 279 адамдын абалы оор болсо, 46сынын абалы өтө оор деп бааланды. 

Өткөн суткада Бишкекте эки медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда 8 медицина кызматкери ооруну жеңип чыкканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0