Кыргызстандыктар жаңы жылда жабыла учкан топ жылдызды көрө алышат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКавказский природный биосферный заповедник
Кавказский природный биосферный заповедник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул көрүнүшкө түн ортосунан кийин байкоо салуу сунушталды, бирок Ай толгондуктан көрүүгө тоскоолдук жаралышы ыктымал.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 3-январга караган түнү Квадрантид метеордук агымы активдүүлүгүнүн туу чокусуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.

Кечтеги жылдыздуу асман - Sputnik Кыргызстан
Кечтеги жылдыздуу асман. Бишкектин четинен тартылган укмуштуудай 11 сүрөт
Саатына 110 метеорго чейин болушу күтүлүүдө. 28-декабрда башталган агым 12-январга чейин активдүү болмокчу.

Бул көрүнүшкө түн ортосунан кийин байкоо салуу сунушталды, бирок Ай толгондуктан көрүүгө тоскоолдук жаратышы ыктымал.

Аба ырайы боюнча айта турган болсок, Кыргызгидромет 2-3-январда асман ачык болот деп болжолдоп жатат. Бирок каптаган туман, ыш жана шаардын жарыгы байкоо жүргүзүүгө тоскоол болбошу үчүн калаанын чет жагына чыккан туура.

Жаңылыктар түрмөгү
0