Путин жана Орто Азия президенттери кыргызстандыктарды куттуктады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүНовогоднее обращение президента РФ В. Путина
Новогоднее обращение президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттер өлкөгө тынчтыкты жана жаңы жетишкендиктерди, ал эми жашоочуларга бакубат турмуш менен ден соолукта болууну каалашкан.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россия башчысы Владимир Путин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Орус-кыргыз союздаштык мамилелери жана стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлде. Биздин өлкөлөр Евразия интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү кызматташууда, аймактык жана эл аралык коопсуздукка болгон коркунучтар, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирип жатат. Келе жаткан жылда көп кырдуу кызматташтык биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Талант Мамытовго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубат жашоо каалаган.

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев да кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктап, өлкөгө жаңы жетишкендиктерди каалаган.

Ыраазымын! Айсулуу Тыныбекова элди жаңы жылы менен куттуктады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ыраазымын! Айсулуу Тыныбекова элди жаңы жылы менен куттуктады. Видео
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев да куттуктоосун жиберип, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана натыйжалуу аракеттенүү салттарына негизделген өнөктөштүк мындан ары дагы чыңдалып, жигердүү өнүгө берет деп ишенерин айткан.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кийинки жылы стратегиялык өнөктөштүк толугу менен жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө шек жок экенин белгилеген.

Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов боордош элге тынчтык, мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0