БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы майрам күндөрү авариялык кырдаал жаралбашы үчүн электр тармактарын күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөмөй болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
"31-декабрдан 1-январга чейин Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында электр тармактары өзгөчө көзөмөлдө болмокчу", — деп айтылат билдирүүдө.
Зарыл болгон учурда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Бул үчүн кызматкерлер жана атайын техника нөөмөттө турат.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Аралыктан окуган студенттер окуу акысын арзандатуу талабын коюуга укуктуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева билдирди.
Эл өкүлү мындай норма "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 30-беренесинин 6-абзацында жазылып турганын айтты.
Анда "Жогорку кесиптик билим берүүнүн алкагында сырттан окуу формасын, дистанциялык билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында окугандар Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү кошумча жеңилдиктерди алууга укуктуу" деп жазылган.
"Өкмөттүн өкүлү, сиздерден ушул беренеге ылайык студенттерге жардам көрсөтүүнү суранам. Азыр 3000 студент окуу акысын арзандатуу боюнча талап кылып жатат. Анткени карантин учурунда көп ата-энелер жумушсуз калышкан. Студенттер өздөрү иштей алган жок. Көбү коомдук тамактануу жайларында иштешкен", — деди Бешимбаева.
Белгилей кетсек, көпчүлүк студенттер окуу акысын төмөндөтүү талабын коюп келишет. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги окуу процесси аралыктан жүргөнү менен ЖОЖдордо чыгымдар азайбаганын жүйө келтирип, жеңилдик берүүдөн баш тартууда.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Турак жайы бар кыргызстандыктар деле жеңилдетилген ипотека ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Жетекчи МИКтин туунду ишканасы болгон "Ак-Босого" турак жай-сактоо компаниясы тууралуу маалымат берди. Анын алкагында жарандар турак жай алуу же үйдү оңдоп-түзөө үчүн каражат ала алышат.
"МИКке турак жайы таптакыр жок, Кыргызстандын аймагында жашап, иштеген жарандар гана кайрыла алат" деген нерсе көпчүлүк жаранды чектеп коюуда. Туунду ишканада мындай чектөөлөр жок. Бир нече үйү бар адам деле акча чогултуп, жеңилдетилген насыя алса болот", — деди Абжапарова.
Анын айтымында, туунду компаниянын шарттары төмөнкүдөй:
"Мисалы, сиздин балаңыз бар дейли. Ага кийин үй алам деген пландарыңыз болсо, аталган туунду компанияга келиңиз. Ал жерден келишим түзүп, ай сайын жылдык үч пайыз менен депозиттик эсебиңизге акча сала бересиз. Зарыл болгон сумманын жарымын чогулткандан кийин сизге узак мөөнөткө жеңилдетилген насыя берилет. Эгер үч жыл топтосоңуз, анда насыяны алты жылга аласыз. Эгер беш жыл акча чогултсаңыз, анда насыяны 10 жылга аласыз. Насыя алтыдан тогуз пайызга чейинки ченем менен берилет", — деди ал.Абжапарова азырынча жарандардын депозити кабыл алынып, насыялоо үч жылдан кийин баштала турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бул структура жеке менчик компаниялардан мамлекеттики болгону менен айырмаланат. Анткени ал Улуттук банктын көзөмөлүндө болуп, ал эми депозиттер агенттик тарабынан корголот.
Аталган компания былтыр катталып, бирок лицензияны жакында эле алган. Эми келишим түзүп, депозиттерди кабыл ала баштады. Азырынча бул кызмат Бишкек шаарынын тургундары үчүн жеткиликтүү экени айтылды.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жо Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Алгач президент АКШны кайрадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө кылып киргизди. Эске салсак, 2020-жылдын апрель айында Американын ал кездеги лидери Трамп ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурарын, болбосо уюм АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып чыккан. Июль айынан баштап Кошмо Штаттар уюмдан чыгуу процессин баштаган.
Мындан тышкары, өлкө мурдагы президент чыгып кетүүнү чечкен Климат боюнча Париж келишимине кайрадан кошулду.
Ошол эле миграцияга байланыштуу дагы бир жарлык чыкты. Анда Байден Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөрдү алып салды. Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
АКШнын жаңы башчысы кол койгон документтердин бири Америка менен Канаданын чек ара аймагына курулуп жаткан Keystone XL нефть түтүгүнө тиешелүү. Түтүк Канаданын нефть өндүргөн Альберт провинциясынан башталып, Мексика булуңундагы кайра иштетүүчү заводдорго чейин бармак. Күнүнө 800 миң баррель өткөргөн түтүктөрдүн курулушун 2015-жылы ал кездеги президент Барак Обама Американын улуттук кызыкчылыгына туура келбейт деп токтотуп койгон. Кийин долбоорду Трамптын администрациясы кайра баштап берген эле.