Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектен 15 километр алыстыкта ​​жайгашкан "Байтик" метеорологиялык бекети. Архив
Бишкектен 15 километр алыстыкта ​​жайгашкан Байтик метеорологиялык бекети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-январь, жума күнү, Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн. Республиканын башка райондорунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 1-январда көпчүлүк өрөөндөрдө туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0...-5 градус, Таласта -3...+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл аймагында -1...+4 градус, ал эми Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болору болжолдонду.

Бишкек жана Ош калааларында кар жаабайт. Борбор шаарда -1...-3 градус суук болсо, Ошто +2...+4 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0