Спортчу Дастан Шаршеев "Газпром" спорт комплексинин жетекчи орун басары болду

Жазылуу
Спорттук жайдын башчысынын орун басары болгон Дастан Шаршеев буга чейин мэрдин милдетин аткарган Балбак Түлөбаевдин жардамчысы болчу.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы "Газпром — балдар үчүн" ден соолукту чыңдоочу спорт комплексине жетекчи жана орун басар дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Спорт комплексинин жетекчиси болуп Ишенбек Дүйшеев дайындалса, орун басары спортчу Дастан Шаршеев болду. Ал буга чейин мэрдин милдетин аткарган Балбак Түлөбаевдин жардамчысы эле.

Эми шаар башчысынын убактылуу жетекчисине Максимилиан Погиба жардамдашат.

Тиешелүү жарлыктарга Балбак Түлөбаев кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0