БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Алдыда дагы майрамдык күндөр бар. Мындан улам диетолог Марина Макиша РИА Новости агенттигине ичимдикти канткенде ден соолукка зыян келтирбегидей пайдаланса болорун айтып берди.
Адистин пикиринде, ден соолугун сактайм дегендер спирти көбүрөөк, күчтүү ичимдиктерди ичкени туура.
"Организмге көп, аралашмасы бар ичимдикти сиңиргенден көрө, таза, бирок азыраак спиртти сиңирген оңой. Мисалы, арак, текила, коньяк сыяктуу ичимдиктер ошол эле шарапка салыштырмалуу пайдалуурак", — деди адис.
Ошондой эле ал ичимдикке майлуу жана ачуу тамактарды аралаштырбоо керектигин эскертти.
"Бизде ичимдикти күчтүү, майлуу тамак менен аралаштырып иймей жайыбыз бар. Бирок ичимдиктин организмге киргенде тамак сиңирүү процессин жайлата турган сапаты бар. Демек, спиртке ууланып турган организмге күчтүү тамактарды киргизип алып, ого бетер аны кыйнайбыз. Өзгөчө боор жабыркайт", — деди диетолог.Ошондой эле ал шарапты жакшы көргөн кыз-келиндерге суу аралаштырып же муз салып ичүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул учурда ичимдик көп көрүнүп калат. Бирок таза ичимдиктин өзү азыраак болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 93 адам коронавирус жугузуп алса, 108 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдеттен эки адам каза болуп, алар Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундары болгону айтылды. Ушуну менен өпкөнү сезгенткен оорудан 1 398 кыргызстандык каза болду.
Бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын жалпы саны 83 796га жетти.
Айыгып чыккандар:
Ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 79 772 кишини түздү.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 689 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө канааттандырарлык абалда, 437си орто оордукта, 220сы оор абалда, 28и өтө оор абалда жатат.
Мындан сырткары, 1006 бейтап үй шартында дарыланууда.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат.
"Пилоттук түрдө сыналуучу долбоордо унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан автонуааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 038 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.
Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адамга берилген.