Тоңдуруу жардам бербейт! Оливье сыяктуу салаттарды кантип сактоо керек

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүОливье салаты. Архив
Оливье салаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис чөп-чары көп салаттар такыр сакталбай турганын айтып, аларды ченеми менен жасоого кеңеш берген. Деги эле салаттарды дасторконго коёрдо аралаштырган оң экени айтылат.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жылда башка тамактар сыяктуу салаттар да көп жасалып, желбей калганда айла жок ыргытылат. Аларды ысырап кылбай сактоонун жолу тууралуу Sputnik радиосуна туура тамактануу боюнча адис, алып баруучу, шеф-повар Сергей Синицын айтып берди.
"Оливье же башка көп нерсе кошула турчу салаттарды 2-3 күн сактаса болот. Биринчиден, аларга дароо татымалдарды кошуп салбай, качан гана дасторконго коёрдо себелеп, анан аралаштыруу керек. Деги эле салаттарды дасторконго коёрдо аралаштырган оң. Мындан тышкары, бышырылган азыктардын ар бирин өзүнчө идиштерде сактоо зарыл", — деп кеңеш берген эксперт.
Каша. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ичегини жакшы иштетип, бетти тазартат. Организмге пайдалуу азык аталды
Мындай салаттарды узакка сактоо үчүн тоңдуруунун кереги жок. Себеби ага тажрыйба керек, муну көбүнчө кесипкөй адистер жасайт. Адис ошондой эле чөп-чары көп салаттар такыр сакталбай турганын айтып, аларды ченеми менен жасоого кеңеш берген.
Жаңы жылдык майрамдардан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн чөп-чарды жана зат алмашууну жакшырткан азыктарды көп пайдалануу зарылдыгын кошумчалады.
Буга омега-3, куркума, имбирь, чиа уругу жана үндүк менен бөдөнөнүн шорпосу жардам берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0