Дарыгер боорго пайдалуу деген азыктарды айтып берди

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүБыштак. Архив
Быштак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүт азыктарынан кадимки сүт, майлуу эмес быштак, айран, кошулмасы жок йогурт да боорго пайда алып келе турган азыктардын катарын толуктайт.
БИШКЕК, 1-янв. – Sputnik. Дарыгер-терапевт Марина Малыгина боордун ишин жакшыртуу үчүн кайсы азыктарды көбүрөөк жеш керектигин айтып берди. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Дарыгердин айтымында, биринчи кезекте рационго майлуу эмес судак, минтай сыяктуу ак балыктарды кошуу керек. Мындан сырткары, кара буудайдын нанын алып, кайра иштетилген эт менен тоок этин колдонгон дурус. Жашылча кошулган кайнатылган шорпо да көп ичүү сунушталды.
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рак менен оорубаш үчүн кайсы азык, тамактардан баш тартуу керек? Иликтөө
Ошондой эле өсүмдүк майы (колдон келсе оливка майын колдонгон дурус), куурулган жумуртка, жашылчалардын өзү же сууга, бууга бышырылгандары да боордун иштөөсүн жакшырта турганы кошумчаланды. Бал (ачкарын жеген болбойт), мармелад, зефир, кыям да боорго миңдин бири болуп саналат.
Сүт азыктарынан кадимки сүт, майлуу эмес быштак, айран, кошулмасы жок йогурт да боорго пайда алып келе турган азыктардын катарын толуктайт.
Кара, көк чай жана ит мурундун кайнатмасы да боорду тазалап, жакшы иштете турганы маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0