Мамытов жаңы жыл алдында кыргызстандыктардан кечирим сурады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНовогоднее поздравление и.о. президента Таланта Мамытова
Новогоднее поздравление и.о. президента Таланта Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин милдетин аткаруучу 2020-жыл ар бир үй-бүлөгө катуу сокку уруп, кимдир бирөө жакындарынан, дагы бири дос-тааныштарынан айрылганын өкүнүү менен билдирди.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап жатып пандемия маалындагы жоготуулар жана экономиканын төмөндөп кетишинен улам кечирим сурады.
Анын айтымында, 2020-жыл ар бир үй-бүлөгө катуу сокку уруп, кимдир бирөө жакындарынан, дагы бири дос-тааныштарынан айрылды.
"Тилекке каршы, пандемияда көп мекендештерибизди, белгилүү инсандарыбызды да сактап кала албадык. Коронавирус илдетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Алардын жаркын элестери жүрөгүбүздө дайыма сакталат. Өлкө президентинин милдетин аткаруучу катары пандемия убагындагы окуялар үчүн жалпы мамлекеттин атынан кечирим сурайм. Мындай кырдаалга бир дагы мамлекет, анын ичинде биз дагы даяр боло алган жокпуз", — деди Мамытов.
Талант Мамытовдун жаңы жылдык куттуктоосу. Видео - Sputnik Кыргызстан
Талант Мамытовдун жаңы жылдык куттуктоосу. Видео
Ошондой эле ал узаган жыл катаал болгонун белгиледи. Анын пикиринде, талаш-тартыш, пикир келишпестик, элдик толкундоолор бул жылы эле эмес, соңку он жылдан бери болуп келүүдө.
Мамытов баары бир гана гүлдөп, өнүккөн Кыргызстанды каалай турганын билдирди.
2020-жылы расмий маалымат боюнча, коронавирус жана пневмониядан 1 356 адам каза болду. Июль айында оору күчөп, жогорку чекке жеткени маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0