БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жыл түнү Кыргызстан боюнча эки эгиз төрөлдү. Эки кыз Жалал-Абадда, эки эркек бала Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, өлкөдө бир сутка ичинде, тагыраагы, 31-декабрь саат 8:00дөн 1-январь саат 8:00гө чейинки убакытта 379 бала төрөлгөн. Ымыркайлардын 207си эркек, 172си кыз.
"Республика боюнча алгачкы төрөт так түн жарымда Самаркандек жалпы медициналык практика борборунда, андан кийин саат 00:05те Бишкектеги репродукция илимий борборунда, ошондой эле саат 00:15те Ош шаарындагы перинаталдык борборунда катталды. Эки келин кыз, үчүнчүсү уул төрөгөн. Балдардын салмагы 3 килограммдан ашык. Ал эми саат 00.45те Ысык-Көлдө эгиз уул-кыз, саат 00.52де Жалал-Абадда эгиз кыздар жарыкка келди", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек боюнча 67 төрөт катталып, анын 35и бала, 32си кыз болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.
"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат.
Мындан сырткары, ата-энелерге балдардын уюлдук телефонуна "Мен милициянын аймактык инспекторумун" жана "112 Кыргызстан" тиркемелерин көчүрүп берүүнү сунуштады.
"Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек? Кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл. Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтүрбөөгө жардам берет. Ошондой эле зомбулукка кабылган жашы жете электерге психологиялык жардам берүү маанилүү", — деп айтылат билдирмеде.
Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.