БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жыл түнү милицияга 184 адамдан арыз түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Арыздардын 112си кылмыш, 72си жорук катары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал эми 18 жол кырсыгы болуп, 19 киши жараат алса, тилекке каршы, бирөө каза тапканы айтылат. Автоинспекторлор жол эрежесин бузган 2 129 айдоочуга протокол толтурган.Майрам күнү өлкөдө коомдук тартипти сактоо үчүн 13 миңден ашуун милиционер жумушка чыкканы маалым болду.
“Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти толугу менен камсыздап, бир дагы олуттуу мыйзам бузуу катталган жок. Түн тынч өттү. Криминогендик кырдаал дагы тынч болду, адаттагыдан азыраак кылмыш катталды. Азыркы тапта өлкөдө абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантууда”, — деп айтылат маалыматта.
ИИМ жарандарды массалык иш-чаралар өтүп жаткан жерге келүүдө санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого жана этият болууга чакырат.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса кабарлап коюуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу өтүндү.
Эске салсак, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген. Аларга мугалим өзүнчө сабак өтөт, мындан сырткары, телеканалдарда телесабактар көрсөтүлөт.
"Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн-окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабак өтпөй жатат деген маалыматтар пайда болду. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Биз жакынкы убакытта балдардын бардыгы окууну кадимкидей тартипте улантарына ишенебиз", — деп жазган Чыныбаева.
Вице-мэр окуу процессине байланыштуу педагогдор тарабынан мыйзам бузуулар болсо 0709 24 02 84 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.
Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.