Кыргызстанда мугалимдер күнү негизи 5-октябрда белгиленет. Бирок 2020-жылдын бул күнү өлкөдө митинг болуп сулуу мугалимдердин сүрөттөрүн сунуштай албай калган элек. Кирип келген жаңы жылды ажарлуу мугалимдердин жагымдуу сүрөттөрү менен баштоону туура көрдүк.
Гүлбарчын Модушова. 26 жашта. "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинде англис тили мугалими. Мындан тышкары, ылдам окутуу ийриминде да окутуучу
Аида Мамбетова. 31 жашта. №4 Гуманитардык-укуктук багыт боюнча мектеп-гимназиясында кыргыз тили мугалими
Чолпон Каландарова. 23 жашта. №91 мектеп-гимназиясында англис тили мугалими. Мындан сырткары, эл аралык тил экзамендерине даярдык көрүү курстарында да окутат
Адина Райымбек кызы. 26 жашта. Маевка орто мектебинде кыргыз тилинен мугалим. Ошондой эле Кыргыз экономикалык колледжинде кыргыз тили боюнча окутуучу
Назгүл Ренатова. 27 жашта. Сокулук районундагы "Таң-Чолпон" өспүрүм балдардын окуу чыгармачылык борборунда бий сабагынан мугалим
Саадат Турарбекова. 26 жашта. №47 орто мектебинде соцпедагог
Айнура Сыдыкова. 36 жашта. №54 орто мектебинде тарых сабагынын мугалими жана психолог
Кристина Ким. 31 жашта. №4 Гуманитардык-укуктук багыт боюнча мектеп-гимназиясында адам жана коом сабагынан мугалим
Сабина Гусейнова. 28 жашта. "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинде бий сабагынан мугалим
Таттыбүбү Мамбеткулова. 32 жашта. "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинде башталгыч класстардын мугалими
Лола Масылбекова. 26 жашта. "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинде орус тилинен педагог
Анара Кеңешбек кызы. 28 жашта. Ч. Айтматов атындагы №63 орто мектебинде англис тили мугалими
Венера Саитова. 27 жашта. Ч. Айтматов атындагы №63 орто мектебинде көркөм сүрөт чыгармачылык жана технология сабагынан мугалим
Жылдыз Алымкулова. 26 жашта. Silk Road эл аралык мектебинде англис тили мугалими
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Талас жергесинде -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +6…+8 градус болот.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кайрадан кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган.
Бирок аны бүгүн, 26-январда, Бишкек шаардык сотунун чечими менен кайрадан УКМКнын СИЗОсуна киргизишкени белгилүү болду. Бирок себептери аталган жок.