Слесардын жардамчысынан премьерге чейин. Жумабек Ибраимов жөнүндө 6 факты

© Фото / семейный архив ИбраимовыхБелгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумабек Ибраимов. Архив
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумабек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумабек Ибраимовдун туулган күнү. Эгемендикке ээ болгон республиканын алгачкы өкмөт башчыларынын бири болгон саясатчынын көзү тирүү болгондо быйыл 77 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттиги анын эмгек жолундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Билимге умтулган слесарь

Жумабек Ибраимов Улуу Ата Мекендик согуш каарын чачып турган мезгилдери, 1944-жылы 1-январда Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында туулган. Айылдагы мектепти аяктагандан соң эмгек жолун айыл чарба техникасынын кыймылдаткычын оңдоо боюнча слесардын жардамчысы болуп, андан кийин нан комбинатында иштейт. Билим алууну, бир кесиптин ээси болууну эңсеген жаш жигит Фрунзедеги политехникалык жогорку окуу жайына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, ошол жакта мугалимдикти аркалап калган.

Инженер, конструктор...

Болочоктогу көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 1976-жылы кесипкөйлүгүн жогорулатып Москвадагы курулуш институтуна стажировкага кетет. Кыргызстанга кайтып келгенде Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунун жетекчиси инженер кызматына чакырткан. Кийинки жылы эле Балыкчыдагы ири ишканага инженер болуп барып, ал жакта бир жумада эле конструктордук жөндөмүн пайдаланып конвейердин жаңы эскизин иштеп чыгып, өндүрүштү жакшыртып, 37 жашында заводдун директору болгонго жетишкен.
© Александр ФедоровЭкс-премьер-министр Кыргызстана Жумабек Ибраимов
Экс-премьер-министр Кыргызстана Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан

Кызматтык тепкичтери

Эл менен бат тил табыша билген, кесипкөй жаш Ибраимов кайсы кызматка дайындалбасын, иштин майын чыгара билген жетекчи болгонун анын замандаштары эскерет. Ал 1985-жылы Балыкчы шаардык элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, андан соң ошол эле калаанын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп бекитилет. Үч жылдан кийин өлкөнүн компартиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болуп дайындалып, 1990-жылы СССРдин Жогорку Советтин бир, КРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган.

Алдыга талпынган…

Иш билги инсан союз кулап, мамлекет каатчылыкка кептелгенде эл керегине жараган. Дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн Жумабек Ибраимов 1992-93-жылдары "Жанар" акционердик коомун башкарып, кийин Фрунзе ЭВМ заводун жетектөө милдети жүктөлөт. Тажрыйбалуу адис карызга белчесинен батып, чыгашага учураган ишканалардын өндүрүшүн жанданткан. Мисалы, союз маалында учактын борттук техникаларын даярдаган заводду калкка керектүү жабдууларды чыгартууга өткөргөн. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген рационализатору өлкөнүн тез бутуна туруп, мамлекеттин элдин алдындагы милдеттерин аткаруу үчүн сырттан инвестиция тартууга, өз убагында туура саясий чечимдерди кабыл алууга бел байлаган.
© Фото / семейный архив ИбраимовыхГосударственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан

Акаевдин кеңешчиси

Чарбачыл жетекчи эгемендиктин алгачкы жылдарында президент Аскар Акаевдин көзүнө илинген. Өлкө башчы аны алгач борбор калаанын мэри кылып дайындап, андан кийин өзүнө жакындатып мамлекеттик катчы, кеңешчиси жана Жогорку Кеңеште ыйгарым укуктуу өкүлү кылып бекитет. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси кызматын аркалаган.

Өтө жөнөкөй өкмөт башчы

Физика-математика илимдеринин кандидаты барган жеринде иштин майын чыгара иштеген саясатчы 1998-жылдын декабрь айында өлкөнүн премьер-министрлигине киришип, бир топ шалаакы аткаминерлерди кызматтан айдоого кудурети жеткен. Замандаштары анын элдин акчасын кантип үнөмдөө керектигин иш жүзүндө көргөзгөнүн айтып келет. Ал өкмөт башчысы болуп турганда Германияга эконом класстагы учак менен жанына үч адамды ээрчитип иш сапарга барып, көпчүлүккө үлгү болгон.
© Фото / семейный архив ИбраимовыхГосударственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан

Төрт баланын атасы

Мамлекеттик ишмер жубайы менен үч уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Үй-бүлө башчысы балдарынан дайыма актыкты, тактыкты талап кылган. Улуу баласы Ильяс "Манас" эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматында иштесе, экинчиси Нурдин энергетика тармагында эмгектенет. Кичүү уулу Абакир — жеке ишкер. Ал эми кызы Назгүл эл аралык Кызыл жарым ай коомунда директордун орун басары. Жумабек Ибраимов Москвада операция болуп, Кыргызстанга кайтып келгенден кийин 55 жашында онкологиялык оорудан улам көз жумган. Азыр саясатчынын ысымын борбор калаадагы бир көчө жана Кемин районунун Жаңы-Алыш айылындагы орто мектеп алып жүрөт.
Легендарлуу генерал-майор Эргеш Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты
Государственный и общественный деятель Султан Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0