БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жаңы жылдын алгачкы күнү Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза таап, 58 киши аталган инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Бир сутка ичинде коронавирустан Бишкекте эки киши каза тапкан.
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 214кө жетти. Анын ичинен 76 351 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 358 адам коронавирустун курмандыгы болгон.
Учурда стационарда 985 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 251 адамдын абалы оор болсо, 49 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. 1 604 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.Кечээтен бери эки медиктен коронавирус табылган. Бишкекте бир медицина кызматкери ооруну кызыл зонадан илештирип алса, дагы бири Ысык-Көлдөн жуктурган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен үй камагына чыкты. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Назгүл Исманова тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, шаардык сот 16-январда Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде ага соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ошондой эле кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу шарт.
Ушул эле шаардык сот 21-декабрда Саркарбаевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга тергөө абагына киргизген.
УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.
Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.
Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 90 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 145 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 83 268ге жетти.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен, бири Ошто болчу.
Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 220сынын абалы оор болсо, 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Өткөн суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес.