БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп бир катар категориядагы визалар менен грин-картанын көбүн берүүгө мурда салынган тыюунун мөөнөтүн дагы узартты. Бул туурасында Fox News кабарлады.
Виза боюнча чектөөлөр апрелде коюлган. Жаңы чечим боюнча, эми ал 2021-жылдын 31-мартына чейин узартылды. Тагыраагы, кеп иммиграциялык жана жумуш визаларын токтотуу туурасында жүрүп жатат. Алар H-1B, H-2B, H-4, L жана J тибиндеги визалар.
Трамп мындай кадамын пандемия кесепетинен кийинки экономикалык кыйынчылыкта америкалыктардын жумуш орундарын сактап калуу аракети катары айткан.
Трамптын буйругу виза лотореясын өткөрүүгө тыюу салган. Документте грин-картанын көпчүлүк бөлүгүн берүүгө убактылуу чектөө коюлганы жазылган.Өткөн жылдын 31-январында АКШ жетекчилиги Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания жарандарына иммиграциялык виза менен грин-карт (Diversity Visa) берүүгө тыюу салган. Аны "өлкөнүн коопсуздугун жана бакубат жашоосун коргоо максатында" деп түшүндүргөн.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.
"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат.
Мындан сырткары, ата-энелерге балдардын уюлдук телефонуна "Мен милициянын аймактык инспекторумун" жана "112 Кыргызстан" тиркемелерин көчүрүп берүүнү сунуштады.
"Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек? Кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл. Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтүрбөөгө жардам берет. Ошондой эле зомбулукка кабылган жашы жете электерге психологиялык жардам берүү маанилүү", — деп айтылат билдирмеде.
Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.
Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.
Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.