12 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм кыз аман-эсен табылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиМедина Жумагазиева. Архив
Медина Жумагазиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз каалоосу менен куткаруучу болгон отряддын өкүлдөрүнүн айтымында, өспүрүм кыз аман-эсен. Бирок аны кайдан таап, эмне болгону тууралуу толук маалымат жок.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 22-декабрдан бери изделип жаткан 14 жаштагы Медина Жумагазиева табылды. Бул тууралуу өз ыктыяры менен куткаруучу болгондордун отряды кабарлады.
Жумагазиева үйүнөн 22-декабрда чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Буга чейин милиция ага издөө жарыялаган.
Өз каалоосу менен куткаруучу болгон отряддын өкүлдөрүнүн айтымында, өспүрүм кыз аман-эсен табылган. Бирок аны кайдан таап, эмне болгону тууралуу толук маалымат жок. Болгону аны эч ким уурдабаганы айтылган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0