БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстан боюнча эртең күн негизинен ачык болуп, кар жаабай тургандыгын синоптиктер кабарлады. Анткен менен кээ бир аймактарды туман каптайт.
Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -11…-16, күндүз -2…-7, Талас аймагында түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4 градус болот. Туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары термометр түнкүсүн -6…-11ди, ал эми күндүз -1…+4 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3 градустун тегерегинде болот.
Ал эми Нарында түнү суук катуу болуп, -20…-25 градуска жетет. Күндүз салыштырмалуу аяздын каары азайып, термометр -6…-11 градусту көрсөтөт.
Ордо калаа Бишкекте түнкүсүн -13…-15, күндүзү -5…-7, Ош шаарында түнкүсүн -8…-10, күндүз +2…+4 градус болот.Синоптиктер бардык аймактарда жолдор тоңуп, тайгалак болорун эскертишти.
Эртең эң жылуу аба ырайы Жалал-Абад менен Ош аймагында (+4 градус), ал эми эң суук температура Нарын менен Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында катталып, тагыраагы, -30 градуска чейин жетери айтылды.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иликтей келгенде ал окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды. Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.
"Урматтуу ата-энелер! Эгер үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүңөрдү өтүнөбүз. Албетте, сиздерге дагы оңой болуп жаткан жок, бирок силердин жоопкерчилигиңерге башка адамдардын өмүрү жана ден соолугу байланыштуу экенин унутпагыла”, — деп өтүнүштү мэриядан.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.
Көп өлкөлөрдүн академияларынын иш-тажрыйбасын байкап көрүп, өзүбүздүн руханий баалуулуктарга карата колдонсок жакшы болот. Мындай ойду Эр-Улан Абдыкеримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, футболдук академиялар балдарды машыктырууда комплекстүү кадамдарга багыт алышы керек.
"Милдеттүү түрдө биздин багытыбыз болушу керек. Ийгиликтүү футболдук клубдардын тажрыйбасына таянып, моделин алсак болот. Бирок өзүбүздүн география, менталитетибиз спорттук ийгиликтерди жаратууда чоң роль ойнойт," — деди Абдыкеримов.
Ошондой эле машыктыруучу улуттук курама команданын акыркы жылдардагы жетишкендиги футболдун өнүгүшүнө жол ачканын кошумчалады.