Кыз бетин жаап отурат. Иллюстративдик сүрөт

Жолдошум менен жарашуудан корком. Ажырашкан келиндин каты

1331
(жаңыланган 20:16 02.01.2021)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына турмушун кайсы багытка бурууну билбей жаткан келиндин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы. "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына үй-бүлөлүк маселем менен кайрылып жаттым эле. Күйөөм экөөбүз бир жылдан ашык убактан бери таарынышып, эки башка жашап жүрөбүз. Беш жыл бирге турдук. Жашыбыз отуздарда, уулубуз бар. Ажырашуубуздун себеби да турмуштук келишпестиктер болуп калды. Ортодо көп сөздөр чыккан. Экөөбүздүн тең ата-энелерибиз киришип, жаман-жакшы айтышып калышкан. Күйөөм да ажырашып жүргөн убакта бир келинге үйлөнөм деп чыгып токтоду. Кыскасы, күнөө экөөбүздөн тең болду. Алгач жакшы эле жашап жүрүп, анан күйөөмдүн иши жакшы жүрүшпөй баштаганда уруш көбөйдү. Чынын айтканда, ала жипти аттап коймою бар. Мени "акча кармай албайсың, мотивация бергенди билбейсиң. Тың эмессиң", — деп күнөөлөйт. Өзү акчаны, байлыкты өтө жакшы көрөт. Бир-эки жолу кыз-келиндер менен кармап калгам. Мен үйдүн эркеси элем. Күйөөмдүн ар бир кылыгын, урушубузду апама, эжелериме айтып, чалып ыйлай берчүмүн. Беш жыл ичинде төркүнүм күйөөмдү көргүсү да келбей калды. Башында ага маани деле берген эмесмин, "болду ажырашам" деген ойдо элем. Акыркы күндөрү кайненем да уулуна болушуп, үйдөгү урушка кирише баштаган. Мен да ал кишиге тил кайырчу болгом.  Ошентип эки жаат болуп кармашып отуруп, үйдөгүлөр мени алып кетишти.  Кайненем, кайын эжелерим да "кет" деп туруп алышты.

Алты айдан кийин ажырашканыма өкүнүп калдым. Баары бир балам батпай койду. Жеңемдин балдарды урушканы, апамдардын тыйганы мага катуу тиет. Уулум да атасын жакшы көрүп, чаң жугузбайт. Кыскасы, учурда күйөөм "жарашалы" деп жатат. Бирок ал да ата-энемди жактырбайт. "Сени менен жарашам, бирок ата-энең менен катышпайбыз",— дейт. Апам да жарашайын десем "өзүң бил" дегени менен күйөөмдү көргүсү жок. "Жарашсаң, экинчи чалып ыйлаба" деди. Чечим чыгара албай, ичимден бушайман болуп жүрөм. Жолдошум "чечкиндүү эмессиң" дейт. Мен болсо жарашып алып, бармагымды тиштеп калуудан корком. Баарына чыдап кете аламбы? Билбейм. Бирок төркүнүмдө жүргөндө деле жыргабайм. Кандай кылам?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Негизи эле башынан ата-эне баланы эрке кылып тарбияласа, адамда "мен" деген концепция терең орношот. Алар көп учурда башкалардын оюн, ал-ахыбалын түшүнө алышпайт. "Кандай болсом, коом да мени ошондой кабыл алышы керек", — деген ой жүрүм-турумунда калыптанып калат. Каттын ээси эрке өскөнүн айтууда. Башка турмуш курган күндө деле аны менен да ушундай келишпестик чыксачы. Анткени көбүнчө өзүмчүл адамдар "күйөөм мени бөпөлөшү керек" деген ойдо мамиле жасайт. Мен бул турмуштан ажырашууга эч кандай олуттуу себеп көргөн жокмун. Болгону психологиялык зомбулук болууда. Башкача айтканда, ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам келин күйөөсүн, күйөөсү аялын басмырлаган сөздөр айтыла берет. Туура, бир кишини жамандай берсек коомчулук да аны "жаман" деп кабыл алат. Ошентип ортодо ажырым пайда болот. Төркүнүңүз да ошол себептен күйөөңүздү жаман көрүп калган. Кайра жарашуудан коркоруңузду жазыпсыз. Бирок төркүндө жүрө берсеңиз кандай болот? Ошол жагын да салмактап көрүңүз. Ата-энеңиз карыйт, бир туугандарыңыздын балдары чоңоёт. Балдарда да басымдуулук кылуу пайда болот. Айтарым, бул жолдошуңуз менен отуруп алып эле чечишип ала турган маселе экен. Эгер өзүңүздү же жолдошуңузду түшүнө албай, анализдегиңиз келсе психологияда транзактык анализ деген түшүнүк бар. Ошол жагынан маалымат алсаңыз болот. Ажырашуу оңой, бирок кийин бат эле өкүнүп калууга мүмкүн. Каттын ээси азыр ушул процесстерди өтүп жатыптыр. Жаратылышта деле биринчи чартылдап чагылган түшөт, анан жаан жаап, күн ачылып кетет. Адам да алгач ачуусу келгенде сабырдуулук кылууга аракет кылып, акыл токтоткону жакшы.

1331
Белгилер:
Гүлнара Жасоолова, турмуш, келин, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу (133)
Тема боюнча
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты
Элден качып, виртуалдык жашоого кирип кеткен кызымды кантип чыгарам? Эненин каты
Тапанча кармаган адам. Архив

Ак-Талаа: акимдин кабинетинде тапанча менен чуу салган киши кармалды

19
(жаңыланган 12:30 16.01.2021)
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.

“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

19
Белгилер:
Ак-Талаа району, коркутуу, кармоо, тергөө, милиция, мас
Тема боюнча
Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалды
Бишкекте чет элдик жаранды коркуткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео
Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды
Казакстандын тез жардам кызматкерлери. Архив

COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди

25
Эрежеге ылайык, аталган аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.

Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.

Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

25
Белгилер:
абал, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды
Ким оорушу мүмкүн? Иммунолог коронавирустун жазындагы жаңы толкунуна баа берди