БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу билдирүү таратты.
Билдирмеге караганда, өтүп бара жаткан аптага салыштырмалуу келе жаткан жума суук боло турганы божомолдонууда. Алсак, Нарын шаарында абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөйт.
3-январдан 7-январга чейин Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Таласта жаан-чачын күтүлбөйт. 7-январь күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал.
Ысык-Көл облусунда 6-январь күнү кар түшүшү божомолдонууда. Башка күндөрү аба ырайы бузулбайт. Нарында 3-6-январга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 7-январда кар жаашы ыктымал.3-январда көпчүлүк аймактарга туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Казакстан жарандарын "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк, тагыраагы, февралда баштай турган болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан саламаттык сактоо министри Алексей Цойго таянып жазды.
Мурдараак Медициналык жана фармацевтик көзөмөл боюнча комитет жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарып жаткан Нурлыбек Асылбеков коронавируска каршы эмдөө февралдын аягында башталарын айткан эле.Ошентип 1-февралдан тарта элдин вакцина алышы керек деген катмарына препарат сайыла баштаары белгилүү болду.
Министрдин айтымында, биринчи жарым жылдыкта 2 миллион жаран, экинчи жарым жылдыкта 3-4 миллион казакстандыктын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү пландалууда.
Биринчи этапта жугуштуу илдеттер боюнча ооруканада, Тез жардамда иштегендер, санитардык эпидемиологиялык жана медициналык ар кыл кызматтагылар, педагогдор, студенттер, өнөкөт оорусу барлар вакцина алмакчы.
Жерүйдө чатакка жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп. Бул тууралуу Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шайлоодон кийин инвестициялык климат жакшы жагына өзгөрүп жатканы байкалууда.
"Жерүйдө чатактын чыгуусуна жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп болууда. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арасында колдогондор жана колдобогондор болуп, бөлүнүү бар экен. Мындан ары тирешүүнүн уланбашы үчүн инвестор менен калктын ортосунда диалог уюштурулду. Жергиликтүү тургундардын арасынан экология жаатында адистер бар болсо, тизмесин түзүү, бирдиктүү талаптарды коюу сунушталды. Тийиштүү маалыматтар Жерүйдүн жетекчилигине да, өкмөткө да жеткирилди", — деди Абдиев.
Ошондой эле ал облуста кээ бир социалдык объектилердин курулушуна каражат бөлүнсө да айрым себептерден улам бүткөрүлбөй турганын кошумчалады.