БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Окумуштуулар каны кайсы топко киргендердин иммунитети бекемирээк боло турганын аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы 2-январь күнү "Экономика сегодня" агенттигине жарыяланганын "Известия" басылмасы жазды.
Адистер жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, кандын тобу вирус жукканда адамдын организминде интерферонду иштеп чыгарууга таасирин тийгизет.
Интерферон — вирус, бактерияга каршы клеткадан бөлүнүп чыккан белок.
Ал эми каны II топко киргендердин организминде вирус жуккан учурда интерферон аз бөлүнүп чыгат да, алар бат ооруй турганы айтылды.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышууда.
Абжапарованын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.
"Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз", — деди Абжапарова.
Ошондой эле ал учурда бул багыт бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектин кайгуул милициясынын маалымат кызматы ордо калаанын чок ортосунда эмне себептен таң эрте милиция кызматкерлери көп экенин түшүндүрдү.
Буга чейин окурмандар "Ала-Тоо" аянтындагы автоунаалар тазаланып, кайгуул милициялары борбордук көчөлөрдө, анын ичинде Чүй проспектисинде көп турганы боюнча суроо узатышкан.
Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме жакында боло турган президенттин инаугурациясына даярдык көрүп жатат жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда.Маалым болгондой, бул иш-чарада "Ала-Тоо" аянтын тосуу пландалган жок.
20-январь күнү БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын айтып, анда Садыр Жапаров жеңгенин кабарлаган. Жапаров шайлоочулар добушунун 79,2 пайызын алган.
Кийинчерээк президенттин инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтө турганы айтылган.