Бир дагы медик коронавирус жуктурган жок. COVID-19 боюнча статистика

© REUTERS / JOHANNA GERONКоронавируска анализ алып жаткан дарыгер. Архив
Коронавируска анализ алып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 305ке жетти. Анын ичинен 76 563 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 359 адам коронавирустун курмандыгы болду.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза таап, 91 киши аталган инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 34;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 37;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Баткен облусу – 3.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 74;
  • Ош шаары – 13;
  • Чүй облусу – 55;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 10;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 21;
  • Баткен облусу – 5.
Бир сутка ичинде коронавирустан Бишкекте бир киши каза тапкан.
Оорукананын жандандыруу бөлүмүндөгү медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска салыштырмалуу пневмония көп адамдын өмүрүн алган. Сандар
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 305ке жетти. Анын ичинен 76 563 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 359 адам коронавирустун курмандыгы болгон.
Учурда стационарда 980 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 245 адамдын абалы оор болсо, 50 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. 1 485 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.
Кечээтен бери бир дагы медиктен коронавирус табылган жок. Буга чейин оору илештирип алган алты медицина кызматкери сакайып кетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0