Кыргызстандын ажайып жерлеринин 3D картасы түзүлдү

© Sputnik / Эмиль СадыровАла-Арча мамлекеттик паркы. Архив
Ала-Арча мамлекеттик паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Картадан Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин жана бардык облустарынын негизги символдорун көрүүгө болот. Ар бир объектиге кыргыз, орус жана англис тилинде сүрөттөмө берилген.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы ажайып жайлардын 3D панорамалык картасы түзүлдү. Виртуалдык турга шилтеме Туризм департаментинин жаңы сайтына жайгаштырылды.
Андан Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин жана бардык облустарынын негизги символдорун көрүүгө болот. Ар бир объектиге кыргыз, орус жана англис тилинде сүрөттөмө берилген.
Чүйдө усун, сак урууларына таандык байыркы коргон табылды! Эксклюзивдүү видео - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө усун, сак урууларына таандык байыркы коргон табылды! Эксклюзивдүү видео
Департаменттен билдиришкендей, бул долбоор өлкөнүн туристтик потенциалын арттырат. Чет элдиктер келе турган жайларын алдын ала 360° форматында көрө алышат.
Кооз жерлер 3D Kyrgyzstan долбоорунун алкагында Мааданият, маалымат жана туризм министрлигинин, JICA жана GIZ уюмдарынын колдоосунда тартылган. Сайтта долбоордун үстүндө Максат Конушалиев (автор), Viktor Rehemäe, Андрей Кислицын жана Элдияр Ниязов иштегени жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0