Жеке иштер, жыгач уста Илан Атабаев

Айлыгы көп кесиптен баш тартып... Бишкектик ишкердин усталык чыйыры

512
(жаңыланган 19:43 03.01.2021)
Илан Атабаев жакшы окуу жайлардын биринде келечектүү адистикти өздөштүргөн, ал программист болууга камынган. Маянасы жогору болгону менен бул адистикке жакын эместигин дал убагында түшүнгөн.

Азыр Кыргызстанда IT-адистердин маянасы жогору, жакшы адис айына бир нече миң доллар таап коет. Бишкектик Илан Атабаевдин деле жолу белгилүүдөй  көрүнгөн. Айтылуу №61 мектепти аяктап, белгилүү окуу жайда программалоо боюнча билим алган. Бирок башка нукка бурулуп, кол эмгегин тандап алган.

Ушул тапта Иландын устаканасында жыгач жана эпоксиддик чайырдан өзгөчө столдор жасалат. Кыйла кымбаттыгына карабай аларга талап төмөндөбөйт. "Бизде бардык буюртмаларды аткарууга жумушчу жетишпейт", — дейт уста.

— Бишкекте №61 мектепте окуган экенсиз. Белгилүү россиялык университеттин окутуучусу менен сүйлөшкөнүмдө дал ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүн издешерин, ушунчалык жакшы окутушарын моюнга алган.

— Чынын айтсам, аябай кыйналчумун сабактардан, мектептеги соңку жылдары араң-араң чыдагам. Андан кийин Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырып, IT-факультетинде бир жыл окуп, бул багыттан алыс экенимди түшүнгөм.

Ошондо Кыргыз-Россия Славян университетине которулуп, экономика жана ишкананы башкаруу жаатында билим алдым. Бул мага алда канча пайдалуудай туюлду.

Мастер по дереву Илан Атабаев в своей мастерской
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Илан Атабаев жакшы окуу жайлардын биринде келечектүү адистикти өздөштүргөн, ал программист болууга камынган.

— Менимче, экономистке караганда програмисттик адистиги бар кишиге жумуш оңой табылса керек. Сиз алып чыккан адистиктегилердин ишке кириши тозок го.

— Дегеле азыр университеттен кийин дароо иш таап кете ала турган кесиптер анчалык көп эмес. Эки-үч жерге жумушка орношууга, иштөөгө аракет кылдым, бирок бирөөнүн кол алдында иштөө мага анчалык жакпайт. Биз досторубуз менен жеке бизнес түптөгүбүз келген, бирок баштасак эле кайра артка кетип жаттык.

— Кол эмгеги менен кандайча алектене баштадыңыз?

— Биздин үйдө устакана бар эле, атам, чоң атам кол эмгегине жакын. Атам бир жолу темир устачылык жабдууларын алып келди, ошентип көркөм согуп-сомдоого кызыгып калдым. Бир жолу селкинчек жасоону чечтим. Ошондо хоббини бизнеске айлантууга болорун түшүнгөм. Аны жасоого беш күндөй кетти. Бул бүктөлмө, жүзүм сабындай кооздолуп, согуп-сомдолгон селкинчек эле. Жасап коюп, иштер менен кеткем. Чоң апама кошуналар кирип калат, селкинчекти көрүп канчага сатарымды сурашыптыр. Чоң апам телефон чалып сураганда тамашалап жатат го деп, мен да "30 миң" деп койгом. Анча акчага ким селкинчек алсын дегем. Үйгө келгенимде селкинчекти көрө албадым, бирок колума акча тийди. Материалына 10 миң сомдой кеткен.

Ошентип акча табууга болорун түшүндүм. Алгачкы кардарларым – коңшулар жана тааныштар. Биринен бири угуп жатып, акырындап буюртмачылардын саны арбыган.

Мастер по дереву Илан Атабаев в своей мастерской
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айтылуу №61 мектепти аяктап, белгилүү окуу жайда программалоо боюнча билим алган. Бирок башка нукка бурулуп, кол эмгегин тандап алган.

— Эпоксиддик чайырдан буюм жасоого кантип кызыгып калдыңыз?

— Үч жыл мурун "Инстаграмдан" көрүп калдым, ошол сыяктуу бир нерсе жасагым келген. Интернеттен издедим, бирок түзүгүрөөк деле маалымат таппадым. Биздеги жыгач устаканалардын бир нечесин кыдырдым, андай технологияны алар деле укпаптыр. Ошондо өз алдымча окууга кириштим, ар кыл өлкөлөрдөн эпоксиддик чайырга буюртма берип, эксперимент жасап көрдүм. Үйрөнөм деп 100 литрдей чайырды буздум.

— 100 литр жараксыз чайыр, бул кымбат эмеспи?

— Ооба, ар бир литри миң сомдун тегерегинде. Анан да мен Россиядан кымбатын – литри 1400 сомдон, андан арзаныраагын Кытайдан алдырчумун. Бирок кытайлар менен көйгөйлүү болду, биз англисче кат жазышабыз, алар гугл-котормочу сервисин колдонушкан көрүнөт. Натыйжада биз бири-бирибизди түшүнүшпөй, мага керегинен башкасын жөнөтүп салышкан. Азыр биз жакшы жеткирүүчүнү Россиядан таап алганбыз.

— Бизнесте чоң чыгым тарткан учуруңуз болдубу?

— Бир жолу чайырды ташып келүүдөн 4 миң сомго үнөмдөйм деп дурусураак компаниянын ордуна товар сатуучуга төлөгөм. Фура жолдо кырсыкка учурап, менин чайырым да бузулуп, 50 миң сомдой чыгым болдум. Азыр андай катачылыктарга жол бербейм, расмий жеткирүү кызматына буюртма кылам, камсыздандыруусун төлөйм. Бир нече миңди үнөмдөйм деп чоң сумманы жоготкум жок.

Мастер по дереву Илан Атабаев в своей мастерской
© Фото / предоставлено Иланом Атабаевым
Ушул тапта Иландын устаканасында жыгач жана эпоксиддик чайырдан өзгөчө столдор жасалат.

— Дегеле эпоксиддик чайыр деген эмне?

— Бул эң алгач ваннанын эмалын жаңыртуу үчүн жасалыптыр, бирок модадагы көрүнүштөрдүн таасири менен аны чыгармачылык үчүн колдоно башташкан. Дарактын чайырына тиешеси жоктугуна карабай, бул уулуу зат эмес. Биз эч кандай респиратор жана коргонуу каражаттарын колдонбойбуз. Бул – тамакка түз тийсе да зыяндуу болбогонун тастыктоочу сертификатка ээ заманбап материал.

— Бул каражат менен иштөө оорбу?

— Ооба, бул материалдын көп татаалдыктары бар. Айрымдар буюмдун эмнеге мынчалык кымбат турарын түшүнүшпөйт, бирок чындыгында мунун нюанстары көп. Эгер технология бир аз эле бурмаланса, чайыр катыбай калат, саргарып же карарып кетет. Ал бардык жылчыкка оңой эле агып кетиши мүмкүн. Иш жасалган жайга да өзүнчө талаптар бар. Мисалы, чаң болбошу керек, белгилүү бир температура жана нымдуулукту сактоо зарыл.

— Даяр стол канча турат?

— Биздин эмгектер кымбат буюмдарга кирет. 8 кишилик столдун орточо баасы 1000 доллардын тегерегинде. Ушул баанын ичине жеткирип, орнотуп берүү кирет. Ооба, бул – жыгач таарындыларынан жасалган эмерекке караганда кымбатыраак, бирок зыянсыз, табигый жана кооз буюм.

Мастер по дереву Илан Атабаев в своей мастерской
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Атабаев: биздин эмгектер кымбат буюмдарга кирет. 8 кишилик столдун орточо баасы 1000 доллардын тегерегинде

— Сиздер жыгачты кайдан аласыздар? Билишимче, Кыргызстанда өндүрүлбөйт.

— Бизде бактар кыйылат, бирок чоң көлөмдө эмес. Биз курулушка жолтоо болгон авариялык бак-дарактарды пайдаланабыз. Колдонулган материалдардын 99 пайызы жергиликтүү.

Мисалы, Кыргызстанда абдан кооз кара жыгач өсөт, аны карагай, кайың деп да коюшат. Аны Россияга ушундай эле стол жасоого алып кетишет.

— Сиздер жасаган буюмдар Кыргызстанда кеңири тараганбы?

— Андай дебес элем, анткени калкыбыздын өзүнчө табити бар. Кыргызстандыктар түркиялык сериалдардагыдай алтын түстөгүлөрдү жактырат. Бирок акырындап мода өзгөрүп, биздин буюмдарга да талап өсүүдө.

— Эмерек жаатын жакшы билесиз да, Кыргызстанда сатылып жаткандардын сапаты кандай?

— Бизде ар түркүн эмерек бар. Эгер кытай соода борборуна барсаңыз, эң арзан, бирок сапаты жаманын табасыз. Жарым жыл өтпөй сынып калган эмеректерди алып келип, оңдоп берүүнү суранышат. Бирок ремонту жаңысынын 70 пайызына тете. Кымбат дүкөндөрдө баа жогору, анткен менен сапаты жакшыраак.

Работа мастера Илана Атабаева
© Фото / предоставлено Иланом Атабаевым
Атабаев: Кыргызстандыктар түркиялык сериалдардагыдай алтын түстөгүлөрдү жактырат

— Баары үнөмдөгүсү келет, бирок  кымбат эмерек сатып алууга баарынын эле чама-чаркы чак келе бербейт. "Баа – сапат" багытында кандай кеңеш берер элеңиз?

— Менимче, жергиликтүү усталарга кайрылган оң. Алар аздыр-көптүр чөнтөккө төп бааны сурашат. Ошону менен бирге эле абийирсиздеринен этият болуу зарыл, андайлар да аз эмес. Акчасын алып, өз мөөнөтүндө бүтүрбөй, өлчөмү туура эмес же сапатсыз жасап койгондор болот. Мындай учурлар толтура!

— Бул тармакта иштеген киши канча табат? Жумушчуларды оңой эле табасызбы?

— Иштөөгө даяр балдарды табыш чындап эле кыйын. Биздин жаштардын көйгөйү – баары сөзсүз университетке тапшыргысы келгендеринде, анан беш жыл окуп, диплом көтөрүп, жумушсуз калууда...

Юридикалык же экономикалык адистикке окуган жигиттерге караганда, ширетүүчүлөр менен усталарга дайым талап күч! Престиждин артынан түшүүнүн кереги эмне?

Бизде маяна – 20 миң сом. Кыйыр киреше, кошумча иштер да бар, кийин усталар үчүн пайыздар да каралат. Бул татыктуу эмгек акы деп эсептейм, себеби өзүм кеңседе да, мамлекеттик кызматта да иштеп көргөм. Ал жакта айлык кыйла төмөн. Азыр менде үч киши иштейт, бирок улам жумушчу издейм. Иш жетишерлик, иш жүгү чоң, усталар жетишпегендиктен кардарлар үчүн мөөнөттү созууга туура келет.

— Товарыңызды кантип сатасыз?

— Негизинен Инстаграм аркылуу, анан да кардарлар бири-биринен угат. Жакында эмерек салондору менен аларда да жайгаштыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп көрдүк, бирок алардын комиссиясы жана коштолчу чыгымдарын эсептегенден кийинки баа керектөөчүлөр үчүн ого эле кымбатка чыгат экен.

Менимче, өзүбүздүн эле фирмалык бутиктерде койгон оң, алардын алгачкысын быйыл ачууну пландагам. Анан да Ош жана Алматыда да шоурумдарды ачуу планымда бар. Чет өлкөлүк, негизинен Казакстан жана Россиядагы кардарлардан көп буюртма алабыз.

Мастер по дереву Илан Атабаев в своей мастерской
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Атабаев: Эгер кытай соода борборуна барсаңыз, эң арзан, бирок сапаты жаманын эмеректи табасыз

— Коронавирус жана Кыргызстандагы саясий каатчылык сиздин бизнеске катуу таасир эткен жокпу?

— Менимче, бизде дарыкана менен супермаркеттерден башкасынын баары эле зыян тартты. Сатып алуучулук жөндөм төмөндөдү, чек аралар жабылды. Казакстандык кардарлар менен иштөө кыйындады. Биринчиден, жеткирүү татаал, экинчиден, алар Бишкекке келип, эмеректи өз көзү менен көрө албай калышты, кантсе да ал арзан буюм эмес.

— Азыр бийлик бизнеске кантип көмөктөшсөк деп баш катырууда. Сиз кандай кеңеш берер элеңиз?

— Салыктарды азайтып, салык системасын жеңилдетиш керек. Бизнестин жүрүп кетиши жалпы экономикалык кырдаалга жараша болот. Көмөктөшүү чаралары туурасында айта турган болсом, үч ай иш токтоп турду, эч ким ижара акысын арзандатып же салыктардан бошоткон жок. Мамлекет бир аз жардам берип койсо болмок.

— Программист болбой калганыңызга өкүнбөйсүзбү? Себеби азыр эң жогорку маяналуу кесип эмеспи.

— Жок. Алдыңкы программист саатына 100 доллардан алары бышык. Бирок бизнести да киреше чектелбегидей өнүктүрүүгө болот эмеспи. Өз кадамдарыма эч өкүнбөйм.

512
Белгилер:
маек, кесип, бизнес, билим, программист, эмерек, уста
Тема боюнча
Ташка жан киргизген уста Нурлан Турганбек: айылдан деле дүйнөгө таанылса болот
5000 сом менен баштагам! Кирешелүү бизнес ээси Санжардын маеги
Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Сиздерге таазим! Мамытов Ленинградды курчоодон бошотуу күнүнө карата кайрылуу жасады

41
(жаңыланган 11:30 27.01.2021)
Мамытов 27-январда белгилене турчу маанилүү дата — Ленинградды фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күнгө карата жасаган кайрылуусунда советтик аскерлердин эрдигин өзгөчө белгилеген.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.

"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.

Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.

Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы Бишкекте белгиленди
© Фото / представительство Россотрудничества в КР
"Курчоодо калып, аны баатырдык менен жеңип чыккан Ленинграддын каарман коргоочулары көрсөткөн эрдик өлбөс-өчпөс болуп калды. Алардын эрдиги биздин жүрөгүбүздө бекем сакталат. Урматтуу ардагерлер, сиздерге терең таазим! Курман болгон баатырлар түбөлүк эсибизде", — деген президенттин милдетин аткаруучу.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.

41
Белгилер:
Талант Мамытов, кайрылуу, Кыргызстан, Улуу Ата Мекендик согуш, Ленинград, курчоо, фашизм
Тема боюнча
Путин КМШ өлкөлөрү Улуу Жеңиш жөнүндөгү чындыкты коргогону үчүн ыраазы болду
Кыз кукласы менен отурат. Архив

Баланы сексуалдык зомбулуктан кантип коргоо керек. ИИМдин эрежелери

52
(жаңыланган 11:06 27.01.2021)
ИИМ балдарга карата сексуалдык зомбулук болгон учурда кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл экенин билдирди.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат. 

  • Министрлик ата-энелерди балдарга сак жана жоопкерчиликтүү болууга чакырып, аларды зомбулуктан коргоонун жолдорун айтып берди.
  • Балдар тийишкен адамдар тууралуу жакындарына же ишенимдүү адамга айтуудан тартынбашы керек;
  • Өзүңдүн коопсуздугуңду сактоого укугуң бар. Зомбулук аракет кылгандарга жооп кайтара бил;
  • Жолдогу бейтааныш адамдардын автоунаасына отурба. Зарылчылык жаралганда такси кызматын чакыр;
  • Подъездге, лифтиге түшүүдөн мурда тегерегиңди кара, тааныш эмес адам менен кирбе;
  • Бейтааныш адамдар сунуштаган суусундуктарды ичпе;
  • Каякка барарыңды жана качан келериңди жакындарыңа билдирип тур;
  • Туугандарың болсо дагы эркектер менен жалгыз калбаганга аракет кыл. Үйдө ата-энелер жокто эркектерди киргизүү да кооптуу;
  • Түнгө калба жана конокто көпкө отуруп калба.

Мындан сырткары, ата-энелерге балдардын уюлдук телефонуна "Мен милициянын аймактык инспекторумун"  жана "112 Кыргызстан" тиркемелерин көчүрүп берүүнү сунуштады. 

"Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек? Кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл. Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтүрбөөгө жардам берет. Ошондой эле зомбулукка кабылган жашы жете электерге психологиялык жардам берүү маанилүү", — деп айтылат билдирмеде.

Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.

52
Белгилер:
ата-эне, бала, коопсуздук, зомбулук, ИИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Алтай, жалаа, сурак. Мончодо өспүрүмдү зордуктоо видеосу боюнча жаңы жагдайлар айтылды
Жогорку Кеңеш. Архив

Жогорку Кеңеште жаңы вице-спикер шайланууда. Көрсөтүлгөн талапкерлер

0
(жаңыланган 12:24 27.01.2021)
Төраганын орун басары кызматына парламенттин оппозициялык фракцияларынын квотасы менен көрсөтүлүп, шайланат.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.

Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.

Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.

0
Белгилер:
депутат, талапкер, шайлоо, вице-спикер, Жогорку Кеңеш, Мирлан Бакиров, Нурбек Сыдыгалиев, Уланбек Исмаилов
Тема боюнча
Садыр Жапаров премьерликтен качан кетиши керек? Өкмөттү кандай тагдыр күтөт
Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды