Пандемияда кайсы облустун тургундары көбүрөөк стресске кабылды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан адам. Архив
Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус психологиялык жактан көбүнесе Ош шаарынын тургундарын жабыркатты. Салыштырмалуу азыраак кыйналгандардын сап башына Ысык-Көл облусунун тургундары чыкты.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. COVID-19 пандемиясы учурунда кыргызстандыктардын 66 пайызы депрессия, стресс жана кооптонуу сыяктуу сезимдерге туш болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында айтылды.
Изилдөө 15-октябрдан 15-ноябрга чейин жүргүзүлүп, ага 4 954 үй чарбасынын мүчөлөрү тартылган.
"Суралгандардын 66 пайызга жакыны, үй-бүлөнүн эч болбогондо бир мүчөсү депрессия, стресс же кооптонууда болгонун белгилешти. Мындай абалда болгондордун көбү Ош шаарында (98,1 пайыз), Ош (88,2 пайыз), Жалал-Абад (80,5 пайыз), Талас (77,7 пайыз) облустарында жана Бишкек шаарында (77,2 пайыз) байкалган", — деп айтылат билдирүүдө.
Нарында 39,4 пайыз, Баткенде 36,6 пайыз, Чүйдө 32,4 пайыз кишинин психологиялык абалы начарлаган. Пандемиядан салыштырмалуу азыраак кыйналгандардын сап башына Ысык-Көл облусунун тургундары чыкты. Бул аймакта психологиялык кыйынчылыкка кабылганын жашоочулардын 30,4 пайызы гана билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0