БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 83 кишиден коронавирус чыкты, ал эми 165 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Жалпысынан 81 388 кишиден жугуштуу оору аныкталды.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Ушуну менен ооруну жеңгендердин саны 76 728ге жетти.
Ал эми соңку суткада COVID-19 илдетинен бир киши каза болгон. Ал Ысык-Көл облусунда дарыланып жаткан. Бул оорудан пандемия башталгандан бери 1360 бейтап көз жумду.
Учурда стационарда 955 киши дарыланууда. Алардын ичинен 14 адамдын абалы канааттандырарлык, 639 киши орто, 249 адам оор, 53 бейтап өтө оор абалда.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл өкмөт башчыны коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы туурасында маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.
“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен сотко чейинки өндрүш ачылган.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.
Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.