БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков белгилүү балбан Мээрим Жуманазарованын эжесине үйлөндү. Бул тууралуу маалыматты ал Sputnik агенттигине өзү тастыктады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Спортчу Instagram баракчасындагы Stories бөлүмүнө "күйөө бала даяр" деп жазган.
Эки жаштын тоюндагы кадрларды спорт дүйнөсүнүн өкүлдөрү жүктөп жатат. Жубайынын аты Мунара Жуманазарова экени, ал айтылуу балбан кыз Мээрим Жуманазарованын бир тууган эжеси экени белгилүү болду. Экөө социалдык тармак аркылуу таанышып, эки жыл сүйлөшүшкөн. Кыз 23 жашта, спорттон алыс.
Ал эми Мээрим Жуманазарова жакында эле Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда биринчи орунду камсыздады. Бир нече жолку Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын байге ээси 21 жашта.
Улукбек Жолдошбеков 2019-жылы Түркияда өткөн Takhti Cup эл аралык мелдешин утуп, ошондой эле 23 жашка чейинки спортчулар арасында Азия жана Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынган. Ал эми 2020-жылдын февраль айында Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпиондугун жеңип алган.Балбандын былтыр Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда атаандашын өзүнүн үстүнөн ашыра чимирилип чапканын Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) мелдештин мыкты ыкмасы деп баалаган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 90 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 145 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 83 268ке жетти.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен, бири Ошто болчу.
Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 220сынын абалы оор болсо, 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Өткөн суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. COVID-19дун британиялык штаммы Россияда март айында кенен жайылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жорж Мейсон университетинин Системалык биология мектебинин профессору Анча Баранова билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, жаңы штамм буга чейин аныкталган вируска караганда жугуу мүмкүнчүлүгү бир кыйла жогору.
"АКШда "британиялык" штамм менен катталган бейтаптардын саны көбөйүүдө. Америкалык Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору АКШда март айында дал ушул штамм негизги көйгөй болорун болжолдоду. Мен Россияда да ушундай эле көрүнүш болот деген ойдомун", — деген Баранова.
Биологдун айтымында, узак убакытка чейин шарттуу түрдө коопсуз делген байланыштардан эми оору жугушу мүмкүн.
"Мурда сиз коронавируска кабылган бейтап менен 15 мүнөткө чейин сүйлөшсөңүз да илдет жукчу эмес. "Британиялык" штаммда бул көрүнүш жок дегенде беш мүнөткө чейин кыскарат. Так убакытты эч ким эсептей элек, бирок эски вирусту жаңысына алмаштыруу процесси ушундай болуп жатат. "Британиялык" штаммды алып жүрүүчүлөрдөн башкалар жугузуп алышат. Ал эми жаңы штамм эски вируска караганда тез жайылат. Вакцина ооруну кубалап чыгат деген үмүт бар", — деп белгиледи ал.Профессор белгилегендей, Россияда жаңы штамм аныкталган бир учур катталып, бейтап обочолонгон. Бул аныкталган гана учур, аба каттамдары толук токтотулган эмес. РФке "британиялык" штамм катталган көптөгөн өлкөлөрдөн адамдар учуп келүүдө.
"Россияда жаңы штамм менен катталган бир эле учур бар. Өлкөгө үч айдан бери илдет жуктурган бир эле киши келген деп айтууга болбойт", — деп белгиледи Баранова.
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган.