Шаардык сот Атамбаевди абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVБывший президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев
Бывший президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президенттин жактоочусу Атамбаев жаңы жылдын алдында ден соолугу начарлап №47 абакка которулганын айтты.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бүгүн, 4-январда, Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Жактоочу Батукаев боюнча Атамбаевге чыккан өкүм жокко чыккандан кийин ал үй камагына чыгышы керектигин айтат.
"7-декабрда Биринчи май райондук сотунун судьясы жактоочулардын катышуусуз Атамбаевди УКМКнын абагында кармоо боюнча чечим чыгарган. Биз райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанганбыз. Бирок бүгүн шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып койду", — деди Жоошев.
Жактоочу, ошондой эле, Атамбаев жаңы жылдын алдында ден соолугу начарлап №47 абакка которулганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0