БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстанда президенттик шайлоонун маалында коомдук тартипти 11 миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн-жыйын өткөрүп, ага анын орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын өкүлдөрү, облустук жана шаардык милициянын жетекчилери катышты.
Министр шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартиптин сакталышы, мыйзамдуулукту сактоо жана ар кандай тартип бузууларга өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чара көрүү керектиги боюнча тапшырмаларды берген. ИИМ кызматкерлери буларды аткарууга толугу менен даяр экени белгиленет.
8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт.
"Атайын иш пландарга ылайык, 11 миңден ашуун кызматкер коомдук тартипти сактоого тартылат. Бүгүнкү күнү 5000ден ашуун кызматкер шайлоо тилкелерин толугу менен кайтарууга алышты. ИИМ БШК менен иш алып барууну улантууда", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өлкө башчыны тандоо 10-январда өтөт.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.
"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат.
Мындан сырткары, ата-энелерге балдардын уюлдук телефонуна "Мен милициянын аймактык инспекторумун" жана "112 Кыргызстан" тиркемелерин көчүрүп берүүнү сунуштады.
"Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек? Кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл. Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтүрбөөгө жардам берет. Ошондой эле зомбулукка кабылган жашы жете электерге психологиялык жардам берүү маанилүү", — деп айтылат билдирмеде.
Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын кайрадан Коргоо министрлиги деп өзгөртүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маалыматты Генштабдын маалымат кызматы тастыктады.
Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда элдин көбү бул идеяны колдогон.
"Өлкөгө жаңы жетекчинин келиши менен эски системага кайтуу планы бар. Тагыраагы, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", — деп белгилеген Генералдык штаб.
Эске салсак, Куралдуу күчтөр Генералдык штабга 2014-жылы бириккен.
2018-жылы Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигин кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов Генштабдын генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин белгилеген.