БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев калаага экологиялык өзгөчө кырдаал режимин киргизүү демилгесине комментарий берди.
Буга чейин соцтармактын колдонуучулары Бишкектин абасы кирдеп кеткенине байланыштуу калаа бийлигине ушундай сунуш берген. Белгилей кетсек, борбор калаа дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен биринчи орунга чыкты.
"Ыштын биринчи себеби — ТЭЦ. Экинчи себеби — Кара-Кеченин көмүрүн жагып жаткан конуштар. Учурдагы кырдаалга реалдуу карайлы, мен азыр ышты кантип токтотом? Өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштап жатышат. Бирок мен ТЭЦтин ишин токтотуп, конуштун жашоочуларына Кара-Кеченин көмүрүн жагууга тыюу сала албайм да. Тоңуп калышпайбы", — деди Түлөбаев.
Ал ошондой эле көйгөйдү чечиш үчүн адегенде Бишкек ТЭЦти газга которуп, Кара-Кече көмүрүн жагууга тыюу салуу керектигин белгиледи.
"Мындай чараларды эмдиги жылы колдонуп ышты токтото алабыз. Бирок азыр андай аракеттерди жасабайбыз, мүмкүн дагы эмес", — деди мэрдин милдетин аткаруучу.
iqair.com сайтындагы саат 16:00гө карата маалыматына караганда, Бишкек дагы деле кир аба боюнча биринчи сапта турат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иликтей келгенде ал окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды. Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.
"Урматтуу ата-энелер! Эгер үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүңөрдү өтүнөбүз. Албетте, сиздерге дагы оңой болуп жаткан жок, бирок силердин жоопкерчилигиңерге башка адамдардын өмүрү жана ден соолугу байланыштуу экенин унутпагыла”, — деп өтүнүштү мэриядан.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.
Көп өлкөлөрдүн академияларынын иш-тажрыйбасын байкап көрүп, өзүбүздүн руханий баалуулуктарга карата колдонсок жакшы болот. Мындай ойду Эр-Улан Абдыкеримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, футболдук академиялар балдарды машыктырууда комплекстүү кадамдарга багыт алышы керек.
"Милдеттүү түрдө биздин багытыбыз болушу керек. Ийгиликтүү футболдук клубдардын тажрыйбасына таянып, моделин алсак болот. Бирок өзүбүздүн география, менталитетибиз спорттук ийгиликтерди жаратууда чоң роль ойнойт," — деди Абдыкеримов.
Ошондой эле машыктыруучу улуттук курама команданын акыркы жылдардагы жетишкендиги футболдун өнүгүшүнө жол ачканын кошумчалады.