Илдетим күчөп кетти. Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев ооруканага түштү

© Фото / пресс-служба ГСБЭПГлава ГСБЭП Сыймык Жапыкеев
Глава ГСБЭП Сыймык Жапыкеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапыкеев кант диабет оорусу өрчүп кеткендиктен ооруканага жатып, бир жума дарыланууга туура келгенин айтат.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев ооруканага жатты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Жапыкеев кант диабети күчөп кеткендиктен ооруканага жатып дарыланууга туура келгенин айтат.
"Достор, баары жакшы, кант диабетим күчөп, бүгүн көтөрүлүп кетти. Акыркы күндөрү ден соолукка катуу күч келип жатат (нерв). Кант диабетин бир да окумуштуу айыктыра албай койду. Эч жериң оорубайт, бирок бүт органдарды жейт экен. Буюрса, бир жума ден соолукту карап, анан ишке киришебиз. "Доктурга баш ийбесе болбойт" деп жаткырышты", — деди Жапыкеев.
Финполдун маалымат кызматы соцтармакта жазылган пост Жапыкеевдин өзүнө таандык экенин тастыктап, дарылануу үчүн ооруканага жаткырылганын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0