БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Жалал-Абадда Кербен — Ала-Бука жолун 4-январда тоскон факты ошол эле күнү Аксы райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Милициядан мындан сырткары Ак-Дөбө айылынын 200дөн ашык тургундары тоскон жол ачылып, автокаттамдар жандангандыгын да билдиришти.
"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2020-жылдын 4-январь күнү Аксы РИИБдин КЖБРне (Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине – ред.) Жазык кодексинин 265-беренесинин ("Жолдорду мыйзамсыз тосуу") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган", — деп айтылган маалыматта.
Окуя боюнча Аксы райондук милициянын өздүк курамы жол тосулган аймакта толугу менен коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
"Азыркы учурда Аксы – Ала-Бука жолу ачылды. Каттам өз нугунда жүрүп жатат. Жол боюна тигилген боз үйлөр алынууда", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Эске салсак, 7-октябрда Аксы районунун акимин кызматтан кетирүүгө байланыштуу башаламандык кандуу окуя менен аяктаган. Анда жергиликтүү тургун каза таап, дагы алты киши жаракат алган.
2-январь күнү УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын алдына 300гө жакын адам нааразычылык акциясына чыккан.
Алар Кербен шаарында 7-октябрдагы башаламандыкта жаракат алып каза болгон Уланбек Жамангуловдун өлүмүнө байланыштуу тергөө абагына камакка алынган эки адамды үй камагына чыгарууну талап кылышкан.Алар, мындан сырткары, Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев менен райондук милициянын башчысы Шекербек Тангировдун кызматтан кетишин жана жоопкерчиликке тартылышын талап кылышкан.
Ал эми бүгүн кечке жуук Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Шекербек Таңгиров кызматынан алынган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берип, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.
Белгилей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундарын да түзөрүн, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болорун белгилеген.