Эртең мененки төшөк кумары эркектин өмүрүн узартат. Сексологдун аныктамасы

© Фото / Pixabay/ sasintЖигит менен кыз төшөктө жатышат. Иллюстративдик сүрөт
Жигит менен кыз төшөктө жатышат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул процесстен толук кандуу ырахат жана пайда алуу үчүн бир нече эрежени кармануу керек. Негизгиси адам сааттын коңгуроосу жок өзү ойгонгону жакшы.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Эртең мененки дене кумары эркек кишинин ден соолугуна эки эсе жакшы таасир этип, өмүрдүн узарышына шарт түзөт. Бул тууралуу Чикагодогу Иллинойс университетинин окумуштууларына таянып "Московский комсомолец" гезити жазды.
Мындай бүтүмгө келүү үчүн адистер 65тен 87 жашка чейинки 2 600 эркектин арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Булардын ичинен эң узак жашагандардын (80-87 жаш) 97 пайызы жаш кезде көбүнчө сүйүктүүсү менен ойгонор замат "көңүл ачып" жүргөнүн билдирген.
"Бул нерсе кайсы учур болсо дагы адамдын ден соолугуна абдан пайдалуу, бирок таңкы кумар кадимки гимнастика сыяктуу. Организмди ойготуп, дем алуу органдарына, кан тамырларга, муундарга дем-күч берет", — дешкен окумуштуулар.
Бирок бул процесстен толук кандуу ырахат жана пайда алуу үчүн бир нече эрежени кармануу керек. Тагыраагы, адам сааттын коңгуроосу жок өзү ойгонгону жакшы. Ошондой эле оюнда жумушка кечигем деген санааркоо болбошу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0